Марий эл жомогу: Шляпа

Бир тикмечи жашаптыр. Күнү бою баш көтөрбөй иштесе да жашоосу оңолбоптур. Бул жакырчылыгына кийимге буюртма кылган поптор себепчи экенин, анткени алар өзүнөн кийимди арзан алып, базарга барып кымбатка сатып, пайдага марып жүргөнүнөн көргөн ал бир күнү ошол ыйык чалыш “атакелерден” өч алмай болуп амал таап, аны ишке ашырыш үчүн таардан шляпа тигип шаарга жөнөйт. Ал калаадагы биринчи эле жолуккан аракканага кирип, бир бөтөлкө таза аракка акча төлөп, бирок аны албастан шляпасын көрсөтө берип: — Силерге кайра келе жатканымда кирем, ошондо […]