Аскаралы Ражабалиев: Жыландын көз жашы

НОВЕЛЛА «Оргуштап келген бакыттан учурунда чегингенге үлгүр…» (Л.Н.Толстой) Жаш жылан эрте ойгонду. Секин бошонду токочтой түйүлүп, көөшүлө уктап жаткан энесинин койнунан. Башы өрүк сөөгүндөй сүйрү. Упузун, назик денеси сыйда ак булуттай. Капкараңгы чээнде жылтырайт ийненин көзүндөй кипкичине көздөрү. Өзүнөн башка кыжылдаган эсепсиз жыландардын бири да ойгоно элегин көрүп, бушайман тартты: «Буларды аралап кантип тышка чыгам?» Кокус бирди-жарымынын беймаал уйкусун бузса, чоң немелер үлбүрөк этин үзө тиштеп же чагып алышы турган сөз. Алардын ойгонушун күтүүдөн башка ылаажым жок. Баласынын тыбырчылаганынан уйкусу […]

Аскаралы Ражабалиев: Куру кайткан жуучу

АҢГЕМЕ «Тойота» зымырык куштай учат, кууш асфальт жолдо. Бет маңдайдан келаткан автомашиналар муну көрүп, тооктой пыса жол четине чыгат, ылдамдыктарын басаңдата. Ысык күндө жолдун бети эрип, дөңгөлөктөр гыжгыж-гыж… Машина мизилдеп жапжаңы. Салону көз жоосун алып, отургучтары мамык. Алакандай телевизордо жаагын жана ырдап атат чет элдик кайсыл бир ырчы. Жашы кырктардан аша жаздап калган айдоочу жасана кийинип кычырайт. Оң колу рулда, сол колу менен суйдаң чачын сылагылайт. Жол ката өзүнө кол көтөргөндөрдүн бирине токтобой, зуу-зуу. Жарганаттын канатындай мойлоосунун эки учу күлмүңдөп […]

Аскаралы РАЖАБАЛИЕВ: Айгүл Тоого зыярат

22-март — Кыргыз Эл жазуучусу Мурза Гапаровдун туулган күнүнө карата. (Эссе-эскерүү ) Кыргыз Эл жазуучусу, кара сөздүн каймагын калпыган Мурза Гапаровдун туулган күнү 22-март — ыйык Ноорузга ирегелеш. Жыл сайын дал ушул күнү жазуучунун тар бөлмөсү кыйла «кеңейе түшүп», жубайы Галя жеңемдин дүйүм тамак, ширин татымдарга толгон дасторкону кенен жайылуусу салтка айланып калган. Калемгердин достору Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев, Сүйөркул Тургунбаев отуруштун көркү эле. Улук агалардын катарында отуруу көп насип эткен мага да. Таланттуу каламгер өз элинин каада-салтын ар качандан […]

Аскаралы Ражабалиев: Ай-Чырактын арманы

Жаным апам Байжигит кызы Саламаттын элесине гүлдестем (Аңгеме-жомок) Он жылдын жүзү, атамдын «шаты-тулпарга» мингенине. Үч эле жылдын айдыңы,  апамдын ак кушка айланып, маңги дүйнөнүн бейиш төрүнө учуп кеткенине. Жарыктык апамдын акактай тунук жүзү, балбылдаган көздөрү, энелик деми да ыпысык мээрими, бою-башына куп жарашчу көйнөктөрү (төтөнчө бадам гүлдүү көйнөгү) бир буума жапан жоолугу, шыпылдаган жеңил кыймылы, очок башында от табына бети тамылжып отурган  касиеттүү элеси көз алдымда эртели-кеч… …О мындан элүү жыл илгери. Жай мезгили. Атам түнү бою пахтага суу коюп, […]

Аскаралы Ражабалиев: Топозчу

АҢГЕМЕ «Ырыс алды— ынтымак» (Кыргыз эл макалы) Кожешкен жери мурда эл жашаган конуш болчу. Алтымышынчы жылдардагы хрущевдук эл көчөрүүнүн шарданы менен андагы түптүү эл түзгө көчүрүлгөн. Биякка машина жол жок. Куш өтө алгыс эгиз тоолорду тең жара тилип аккан дарыяны бойлой ат-эшек менен жүрүп отуруп, эки-үч күн дегенде жетесиң. Эптеп жетип алсаң, жаның тынч алып, түздөгү кым-куут, ызы-чуудан алыс сергип каласың. Бирин-экин адам жолукпаса, көзүңө урунганы тоолор, арча-кайың, көк шибер; кулагыңды сүйүнткөн дарыянын күн-түн «жаңырган «шау-шуусу». Элүү чакырымча келген созок […]