Унсуралмаали Кайкавус: Кабуснаме (Акылмандыктын кенчи)

<<<<<<<<<<< Башы ЧАВГАН ОЙНОО ЖӨНҮНДӨ[1] Уулум, кулагыңа түйүп ал, чавган ойногондон сенин кыбаң канса, дайыма артынан түшүп ойнобо, анткени көп адамдар баш оту менен чавганга берилип кетип, балекетке кабылышкан. Икая Укканыма караганда, Амр-и-Лейстин бир көзү кыңыр экен. Ал Хорасандын эмири кезинде атайын жасалган майданга топ ойногону барат. Эмирди Азхари-и-Хар деген амир лашкер утурлап келип, атынын чылбырын колдон алат да: «Сага топту урууга жана чавган ойноого уруксат бербеймин» дейт. Амр-иЛейс: «Эмне үчүн сиз топту урсаңыз болот да чавган ойноп жаткан менин […]