Котормо боюнча конкурста 2-байгенин жеңүүчүсү Салия Ибраимова болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен экинчи байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Салия Ибраимова түрк жазуучусу Эмир Калкандын “Жайлоонун гүлү” аттуу аңгемесин түпнускадан которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду.  ЖАЙЛООНУН ГҮЛҮ АҢГЕМЕ Түнкүсүн толукшуган аппак айдын, күндүзү чоктой кызарган күндүн алдында жүргөн йөрүк[1]кербени Миңбука тоолорун ашып, күндүн кызылга боёнуп баткан Таныр жайлоосун көздөй ичке сызыктай болуп бир […]