Назгүл БОЛОТБЕКОВА: Жашоого жол тартамын

ӨЗҮМДҮ ИЗДЕЙМ Өзүм сыртта, Мен ичинде бөлмөнүн. Ачып, жаап эшигине асылып, Тынчын алдык өмүрдүн. Өзүм күлүп, Мен муңайып жанашпай, Жулмалашып турабыз Бир бурчунда дүйнөнүн. ӨМҮРГӨ Мен эми издейм сени Эптеп өткөн өмүрүмдүн ичинен. Мен сен үчүн унуттамын Элес болуп, бир көрүнүп, кайра өчкөн. Кучагыңа кимди алдың? Кимдер чыкты эсиңден? Мен жүзүнчү, миңинчи… Эсепте жок жүргөн балким бирөөмүн. Сүйүп кирип ааламыңа гүл бүткөн, Кирдеп чыгам. Өмүр-арман бүтпөгөн. Издейм сени ирмем, саат, мүнөтүм Кадырыңа жете албаган өзүмдөн. САГА ДЕГЕН СЕЗИМДЕРИМ Дарактагы жалбырактай, […]