Роза Отунбаева: Атамбаев өзүнүн саясий бечелдигин, адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө

Атамбаев элди бөлүп—жарып, кырдаалдын туруктуулугун буза албайт деп ишенем. 2016-жылдын ноябрында президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын бири көтөргөн демилге бул күндөрү логикалык жактан өнүктү. 2019-жылдын 12-июнунда 40 депутаттан турган демилгечи топ койгон айыптар негизинен президент А. Атамбаевге импичмент жарыялоого даярдануу боюнча «Ата Мекен» фракциясынын ошондогу лидери Өмүрбек Текебаевдин 2016-жылдын ноябрындагы билдирүүсүнө негиз болгон фактыларды кайталайт. Ошол эле кезде, 2016-жылдын ноябрында башкаруучу фракциялардын бири болгон «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев президент Атамбаевди кескин сындап, аны Конституцияны […]