Атамбаевдин артынан 10 миллион доллар тик учак чуусу башталды

Кыргызстан 2012-жылы АКШнын “Манас” аэропортундагы авиабазасын чыгаргандан кийин анын кенемтеси катарында Россия бизге жалпы баасы 1 млрд. доллардан ашык аскердик техникаларды, курал-жарактарды берген. Алардын ичинде танкалар, БТРлер, учактар, тик учактар ж.б. болгон. Ошолордун ичинен МИ-24В маркасындагы 2, Ми-8 МТВ маркасындагы 2, бардыгы — 4 тик учакты 2014-жылдын аягында А.Атамбаев менен С.Исаковдун Уганда мамлекетине ижарага берип жиберишкендиги, бирок ошондон бери ижара акылары түгүл, болжолдуу жалпы баасы (калдык баа менен алганда) 10 миллион доллардан ашык турган 4 тик учактын кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгын Россиянын “Коммерсанть” […]