Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин президенттик доору

Башын береги шилтемелерден табасыз: (1-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору, (2-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги, (3-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар (4-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларын иликтөө жана анын тыянактары III БӨЛҮК Жогоруда айтылгандай, 2010-жылдын декабрь айында 2-жолку аракетте мүмкүн Ө.Бабановдун ишмердүүлүгүнүн эмес, “чайкоочулук ишмердүүлүгүнүн” натыйжасында Жогорку Кеңеш башында КСДПнын лидери А.Атамбаев турган коалициялык Өкмөттү түзүүгө жетишти. Атамбаев максатына жетти. Ал эми өзүм спикер болом деген Текебаев максатына жетпей калды. Ал, анын партиясы “Ата-Мекен” Парламенттик оппозицияда калды. Ушул жерде Парламенттик оппозиция жөнүндө […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларын иликтөө жана анын тыянактары

Башын береги шилтемелерден табасыз: (1-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору, (2-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги, (3-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар 2010-жылдын 7-апрелинен кийин, 7-апрелдеги, түштүктөгү апрель-май-июнь окуяларын иликтеп, тыянак чыгаруу үчүн башында белгилүү коомдук-саясий ишмер, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, академик Абдыганы Эркебаев турган Мамлекеттик комиссия Убактылуу Өкмөттүн чечими менен түзүлдү. Биринчи жолу комиссия 2010-жылдын апрель, май айларындагы окуяларды изилдесе, экинчи жолу башка курамда, бирок ушул эле А.Эркебаевдин жетекчилиги менен июнь коогалаңын өзүнчө иликтеди. 2010-жылдын октябрь айында шайланышкан 5-чакырылыштагы Жогорку Кенеш 2010-жылдын апрель, май, […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору (мурдагы бөлүмү ушул шилтеме) Убактылуу Өкмөт 2008-жылдын аягында БЭК түзүлүп жатканда бир гана Бакиевдердин жеке үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы биригип, радикалдык-революциялык жолдор менен аракеттенүү эле эмес, ал үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ордуна кандай бийлик системасы, кандай заман курулары жөнүндө да оппозиция лидерлери бир пикирге келип калган эле. Эгерде 2008-жылдын ноябрь айына чейин Кыргызстанда негизинен оппозиция үч топко бөлүнүп аракеттенип жүрсө, БЭК түзүлөрү менен оппозиция бир муштумга бириге алышты. (Сынганы сынып, БЭКке келбей калгандарды кошкондо) Мурда оппозициянын айырмачылыктары жогоруда […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору

Редакциядан: КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин бийлик мөөнөтү аяктап бараткан жыл экендигин эске алып, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун «Мен кыргызмын» аттуу 2016-жылы «Турар» басмасында жарык көргөн китебинин 2-бөлүмүн толугу менен жарыялоону эп көрдүк. Аталган китептин 1-бөлүгү «Бакиевдин доору» деп аталса, 2-бөлүгү «Атамбаевдин доору» деп аталат.  Китептин жооптуу редактору Анарбек Кайназаров болгондуктан «РухЭш» сайты тарабынан эч кандай алымча-кошумча болбогондугун эскертебиз. О.э. автордун стилдик жана грамматикалык мүчүлүштүктөрүнө да кол тийгизгенибиз жок. Окурмандар аны түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз… Бирок эң маанилүүсү — аталган […]