Капар ТОКТОШОВ: Атанын уулу

АҢГЕМЕ Кеч күүгүм. Жалгыз ат чегилген арабада эки караан кетип барат, Ара-Талааны аралап. Абышка эски чөмөлөдөй үңкүйүп бүт дитин жолго койгон. Бала болсо жаңыдан чыга баштаган жылдыздарды санап убара. Эшпай-Коонун ичинен чаап-жыйнаган чөмөлөнүн улам бирине арабаны токтотуп, атасы ыргыткан чөптү тебелеп чоң ишке жарады бала. Ошого жетине албай кудуңдап келаткан кербези… Кайтып келатканда керкашка сый бастыбы же арабанын дөңгөлөгү арыкка кирип чыктыбы, чөп ооп барып оңолду. Аркандын учун кармоого үлгүрүп жыгылбай калды бала. Жүрөгү оозуна кептеле түштү. Көздөрү чанагынан чыкчудай […]

Кыялбек УРМАНБЕТОВ: Акырзаман

(Фантастикалык аңгеме) — «Жер»! «Жер»! Бул — «Закым». 18 миң ааламдын 3087-катмарында белгисиз учма тарелканы учураттык. Ал бизден качып, каяккадыр шашып да бараткандай. Ансайын биз артынан калбай сая кубалап… Сөз ушул жерден үзүлдү, айнек сынгандай адеп «тырс» этип, анан «чыйк-чуйк» этип эч нерсе угулбай калды. — «Закым»! «Закым»! Угуп жатасыңарбы? Жооп бергиле! — деп чакыра берип чарчашты жердегилер. Алеки заматта желдей тараган алакачма кабардан дүйнө жүзү дүркүрөп бир силкинип алгандай болду. Теле-радиолор тынбай сайрап, басмасөздө миң түркүн божомол жайнап, элейген […]