Азамат ТӨКӨРОВ: Кар жаап жатты

АҢГЕМЕ Түнү эшикке чыкканда жылдыздар жымыңдап турган. Эрте менен чыкса кар лапылдап уруп атыптыр. Эшик алдын кызыл ашыктан өткөрө коюптур. Узун, тизеден келген чапанынын этегин кайырып, белиндеги курга кыстарды да, кар малтап үйдүн сол жамбашындагы бастырмага жөнөдү. Күрөктү алып чыгып, эшик-эликти күрөп койбосо болбойт: бата кылабыз деген адамдар кар жаап койгонуна карап отурмакпы. Бирин-сериндеп келе берет. Күрөгүн алып чыгып карга сайып, сабына жөлөндү да, чөнтөгүнөн тамекисин алып түтөтө баштады. Чылымын чегип болуп, «Яппирималла!»- деп карды шилей баштады. Темир күрөк үйдүн […]

Азамат ТӨКӨРОВ: Бажа

АҢГЕМЕ Эшикке чыкканда али караңгы экен. Кар кыламыктап жаап жатат. Садыр палван түз эле агылга жөнөдү. Агылга кирип, жарыгын жакты да, Торгашканын жанына келди. Акурдан чечип, берегирээк жетелеп келип, шыпка аса байлады. Бүгүн улак бар. Садыр палван мындай жерден калбай калсын. Атын кере асып байлап, күпайкесинин чөнтөгүнөн макүркө, гезит алып, гезитке макүркөнү орой коюп, тили менен бир сыйра шилекейлеп папурус жасап, анысын чеккенче ойлоно кетти. Азыр мындай гала улактар аз болуп калбадыбы. Көбүнчө эле «беш-беш» дей коюшуп, бештен он атчан […]

Марк Цукерберг – жакаңды уучтаткан 21-кылымдын генийи

Марк Цукерберг – дүйнөдөгү эң жаш жана ооматтуу бизнесмендердин сап башында. Анын өмүр-таржымалы жүз миллиондогон адамдарды кызыктырары калетсиз. Марктын ысмы дүйнөдөгү эң чоң социалдык желе саналган – 1,3 миллиард колдонуучусу бар Facebook менен тыгыз байланышкан. Жаш полиглот (бир нече тилде эркин сүйлөгөн адам) жана программист Марктын расмий айлыгы 1 гана доллар болгон, бирок буга карабай ал миллиардер! Анын байлыгы 50 млрд АКШ долларын коколойт. Ал кантип дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлердин жана эң таасирдүү адамдардын бири болуп калды?.. Марк Элиот Цукерберг […]

Мигрант акындан бийликке дубай салам

АПРЕЛДЕ ОККО УЧКАН ДОСУМА КАТ Шейит дешти, оозуң келбей келмеге окко учтуң же ичээр сууң кем беле? Көрдө жатып сен өзүңдөн сураарсың: «Өзгөрбөптүр… Өлдүм эле эмнеге?» Ооба, досум, ба-а-ягыдай жашообуз, Жыргабадык, ошол-ошол, ошобуз. Баса, сага эсим барда айтайын, Бакиевден башка азыр ажобуз. Свет кымбат, бензин баасы асманда, Азыр бийлик элге жаман кастан да. «Камбар-Ата-2» калган курулбай, Байлап кеткен «Бакиевдер» качканда. Жайнап чыккан жык партия күнөстөн, Бирөөсү жок эл-жер үчүн күрөшкөн. Бизге азыр мыйзам жазып жүрүшөт, Депутаттар «Ак жол» менен бир […]

Атамбаевге алыскы Маскөөдөн кат

Буулуп турам түнөргөн булуттардай, Шатыратып бугумду төккүм келип. Ант ургур, ай, ант ургур, куруп кал, ай, Араң турам ашатып сөккүм келип! Өлгөндөрдүн үстүндө бейитинин, «Төшү түктүү Жер ур!» — деп ант бергенсиң. Татып даамын бийликтин «бейишинин» Антты унутуп, түлкүдөй жалт бергенсиң. «Кымбаттаткан адамды Кудай урат, — дедиң эле бакылдап, — электирди». Күбө болуп ал турат, бу да турат, Эми Кудай урушу керек кимди? Жерде башы бириккен алты адамдын, Адатыңыз өпкөлөп арызданмай. Келечегин күрөөгө Кыргызстандын Коркпой коюп тапканың — карыз алмай. […]