Олжобай Шакир: Ажонун саясый эрки

“Эл – бул талаадагы чөп, падыша болсо – шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат”. Конфуций Эң жаманы олку-солкулук эмеспи. Болгондо да өлкө тагдырын чече турган ажонун учурдагы саясый эркинин бошоңдугу. Тарыхый мүмкүнчүлүгү колунда турса да аны пайдаланууга эрки жетпей, чечкиндүү кадам шилтөөдөн кылчактап, өлкө тагдыры үчүн батылдык мүнөзүн көрсөтө албай турганы кейиштүү. Убакыт-мезгил кечеңдикти кечирбейт. Оомат – оома… Агер ала кушту атынан атасак, Сооронбай Шариповичтин буга чейинки саясый сапарындагы тажрыйбасынан карасак деле; сүрмө топ көпчүлүктөн алдыга суурулуп чыгып, […]