Азиз Несин: Токтой тур, не болорун көрөбүз

АҢГЕМЕ Босфор тарапта Кара-Деңизге жакын Анадолуда деңиз жээгинде жайгашкан кичинекей чайхана… Ал чайхананын кардарлары ошол айылдын жашоочулары болгондуктан бири-бирин жакшы таанышат. Көпчүлүгү пенсияга чыккандар. Пенсияга чыккандан кийин алардын сөздөрү жалаң эле жашоонун оордугу, кымбатчылык, арты тыйылбаган тынымсыз кабыл алынган мыйзамдар тууралуу. Бүгүн да алгач мурунку дарттарынан баштап өлкөнүн чечилбей жаткан маселелерин талкуулай башташты. Өкмөт инфляцияны отуз пайызга түшүрүү үчүн сөз берген болчу, бирок 80 пайызга көтөрүлдү. — 80 пайызгабы? Ах, эми эмне болот? Германия, Франция, Швейцарияга жумушчуларды жөнөтүп жатышыптыр, эми […]

Азиз НЕСИН: Там башында жинди бар!

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗА АҢГЕМЕ Бүтүн маале көтөрүлүп чыкты: — Тамдын башында жинди бар! Көчөнүн башынан аягына чейин көп кабаттуу тамдын башындагы жиндини көргөнү келгендер толуп кетти. Алгач жергиликтүү бөлүмдөн, андан кийин Ички иштер министрлигинен полициялар келишти. Анын аркасынан өрт өчүргүчтөр да жетип келишти. Жиндинин энеси: — Бөбөгүм, уулум, ылдый түш!… Кана балам!… — деп жалбарып жатты. Жинди болсо: — Мени башкарма кылбасаңар боюмду таштайм! – дей баштады. Өрт өчүргүчтөрдүн тобу эгер жинди ылдый секире турган болсо тосуп калыш үчүн […]

Азиз НЕСИН: Кайсы партия жеңет?

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу АҢГЕМЕ — Мурат Ага бардык нерсени билет, — дешти. Шаарчага келгенимде бир канча күн Мурат Аганын үйүндө конок болгон элем. Бул жолу Мурат Агага чайканадан жолуктум. — Мурат Ага, сен билет экенсиң, — ушундай дешти. — Айтынызчы, шайлоодо кайсы партия жеңип чыгат? Мурат Ага: — Алдын ала айтуу кыйын, — деди. — Кайсы партия күчтүү болсо, ошонусу жеңе албайбы? — Жок. Андай эмес. Ак кой, кара кой шайлоодон кийин билинет. Бул шаарчадагылардын ар бирөөнөн сурап […]