Абдыкерим Муратов: Тайгадагы тагдыр

Бекмамбет Атакановдун «Томь дайра (ГУЛАГ)» романын окуганда… Адамзат тарыхы жана коому ушунчалык ар тараптуу, бай жана көп боёктуу. Мына ошолордун ичинде абактар, абактагы жашоолор, абактагы адамдар да бар, алар да адам коомунун бир бөлүгү. Бул мезгил, бул тема адабиятта да чагылдырылууга акылуу, айталык, кыргыз адабиятында Токтогул Сатылгановдун сүргүндөгү, Молдо Багыштын «Абак дептери» циклиндеги ырлары, Казыбектин түрмө казалдары, Боогачынын кулак болуп Оренбургда жүргөндөгү чыгармалары мына ушул тематиканын бир жагы. Тилекке каршы, алардын абак жылдары ырдаган же жазган чыгармалары бизге толук жеткен […]