Босния эл жомогу: Жүкчү жана кожо

Бир кембагал жигит Стамбулда жүкчүлөр жакшы иштеп табышарын угуп, ал жакка барып иштемей болот. Бул максаты орундалган соң жүк ташып аянбай иштеген ал чынында эле жакшы таба баштайт. Ошентип бир топ убакыт өтүп ал жүз дукат акча  чогултат. Анткен менен кара жумуштан каржалып тажай баштаган ал бир күнү минтип ойлонот: “Жүз дукат жаман акча эмес. Ага товар алып айылыма барсам соода кылып кете алам. Кыйынчылыксыз акча табууга шарт түзүлүп турганда бирөөлөрдүн жүгүн ташып, кабыргамды кайыштырып эмне кылам? Болду, жол киреге […]

Моңгол эл жомогу: Чындыкты айрып билген үч бир тууган

Качандыр  бир үч бир тууган жашаптыр. Алардын жалгыз аты болуптур. Бир жолу алар уктап ойгонгондорунда ортончусу мындай дептир: – Биздин атты уурдап кетишиптир. – Тезирек изи менен кууп жетели,- дептир улуу агасы: — Шашылуунун кереги жок, келгиле, биринчиден чай кайнатып ичкенче, ойлонолу,- дейт үчөөнүн кенжеси. Ошентип алар чай кайнатып  ичишкенче ойлонушту. — Биздин атыбызды  суунун аркы бетине алып кетишти, — деди улуусу бир кезде. — Биздин атыбызды суунун аркы бетиндеги ак боз  үйдө жашаган киши алып кетиптир,- деди ортончусу. — […]

Француз жомогу: Карышкыр, үлүл жана аарылар

Бир жолу бөрү токойдо келатып үлүлдү басып алды. Ал убакта жаныбарлар адам сыяктуу сүйлөшө алышчу экен. Үлүл карышкырга мындай дейт: — Сен кандай гана жаман жаныбарсың! Эмне үчүн алсыз, кичинекейлерди тебелейсиң? Кайсыныңа мактанасың? Мени кыбыр дебе! Кааласам сенден тез чуркай алам. Жарышчу болсок сени досторуңа кошуп күйүктүрүп койом, билип ал… — Ушу сенби?! Хе-хе-хе! Жаман күлүксүң го, кыбырап… — Ооба, мен күлүкмүн! Ишенбесең эртең күн чыкканда досторуңду ээрчитип алып дал ушул жерге кел. Жарышабыз! Ким биринчи деңиз жээгине жетсе – […]

Алча түстүү мышык

Америка жомогу Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында  Нью-Йорктун сейректиктер Музейинин кожоюну Барнемдин кабинетинин каалгасын кимдир бирөө какты. — Кириңиз! — деп кыйкырды ал. Эшик кең ачылып, бөлмөнүн босогосун калбаат аттап, кадимки  америкалыктардын көзүнө көнүмүш  янки өз үйүнө киргендей шыдыр баш бакты. Ал өзүнө көрсөтүлгөн орундукка жайланыша отуруп, сунушталган кызгылт түстүү шарапты серпип жиберип,  музей кожоюнуна мылжыя жылмайып үн катты: — Сиз мистер Барнем болосузбу? — Дал үстүнөн түштүңүз! — дилгирлик менен жооп берди мистер Барнем. — Андай болсо мындай! — […]

Королдун туткундары

Италиян жомогу Качандыр бир заманда Италияда шаар жок болсо деле королдук, королдук болбосо деле король сөөлөтү болуптур. Ошондой шаардын биринде картаң король көз жумат да, анын таажысы уулуна кийгизилет. Жаш король ишти адегенде эле өз ээлигиндегинин баарынын эсеп-кысабын алуудан баштайт. Аны биринчи министр менен башкы кеңешчи коштоп, ак куласын алчыңдата теминип өлкөсүн кыдырса, кыйратчу деле дөөлөтү жок экен. Жарым күн кыдырды. Күн уясына оогонго жетпей эле сепилине[1] кайтты. Жаш король анан тагына отуруп, собол узатты: – Баарын кыдырып бүтүп койдукпу? […]

Күкүк

Ненец жомогу Жашоодо бир бечара эне болуптур. Анын кум кулак төрт баласы бар экен. Эртеден-кечке оюндан омурткалары сынганча кар менен ойногонун коюшпайт. Жашагандары алачык. Ошол алачыкка келгенде кийимдерине касабала кар жабыштырып келишкеничи. Сырттан кирген карды эне кургур тазалап, балдарынын кийимдерин кургаткан түйшүгүн тартканы канча. Кургур далай көргүлүктү көрөт. Жай келип, суудан балык кармап алган энесинин оор түйшүгүн бөлүшүүгө төрт баласынын бири да жардам кылбайт. Ошондой оор турмуш, оор түйшүктөн эне ооруп жыгылат. Алачыкта кыңкыстап жатып, балдарын чакырып жалдырайт: – Суу […]