Грузин эл жомогу: Акылман кызматчы

Эли өлбөстүн күнүн эптеп көрүп жатса да башын оорутуп алар жөнүндө бир да ойлонуп койбогон, жашоосун жалаң шапар тебүү менен өткөргөн падыша жашаптыр. Ага бир акылдуу адам кызмат кылчу экен. Падышанын элине болгон кайдыгерлигине күйүнгөн ал бир күнү чыдабай кетип бул акмактыгын анын бетине минтип айтып салат. — Сенин мойнуңда бүткүл элдин тагдыры турса да мамлекет жөнүндө таптакыр ойлонгон жоксуң, букараларыңа кам көрбөдүң, бул үчүн Кудай алдында жооп бересиң! Буга катуу чычалаган падыша акылдуусунган кызматчынын башын чаптырып салмай болду. — […]

Эзоп: Мышык менен короз

Мышык корозду кармап алып жегиси келет. Аны жакшы ниет менен жемекчи болгондой түр көрсөтөт. Адегенде аны түн бир оокумда кыйкырып, уйку бербей элдин тынчын аласың деп күнөөлөйт. Анда короз, башкаларга эле жакшы болсун деп жүргөнүн, уктап калбай эрте туруп, күнүмдүк тирлигин кылсын дегенин айтат. Анда мышык: — Сен абийирсизсиң, энеңди да, эже-карындаштарыңды да табиятка каршыгып жашырып жүрөсүң, – дейт. — Кожоюнга эле пайда болсун дейм, жумурткасы көп болгону жакшы эмеспи, – дейт Короз. Айласы түгөнгөн мышык: — Эмне десем да […]

Бразилия жомогу: Адамдын жашоосу

Укканыбызга караганда бир жолу камыш менен таш катуу талашып кетишиптир. Алардын ар бири адамдын жашоосу дал өзүнүкүндөй болушун каалашыптыр. Таш мындай дептир: — Адам өмүрү дал мына меникиндей болушу керек. Ошондо гана ал түбөлүк жашайт. Камыш каршы чыгат: — Жок, жок, адамдын жашоосу дал мына меникиндей болушу керек. Мен өлөм, бирок кайра эле өсүп чыгам. Таш: — Жок, андай болбошу керек! Андан көрө адам мендей болсун. Мен ыркыраган шамалды дагы, шатыраган жамгырды дагы тоготпойм. Ысыкка, суукка, отко моюбайм. Менин жашоом […]

Жылкычы жана каныша

Бурят жомогу Илгери-илгери бир хандын жылкычысы болуптур. Ал өз ишин абдан мыкты билет экен. Бир гана жакшы ат таптап, мыкты тулпарларды суутуп гана даңкы чыкпай, өзүнүн түз жүргөндүгү, чынчылдыгы менен да барк топтоптур. Жылкычы абдан кайраттуу жигит болуу менен адамдардын баарынан чынчылдыкты гана талап кылчу. Ошол чындыгын ал хандын ноёндоруна да айтып, алардын да жосунсуз жоруктарын бетине коюп ашкерелечү. Чын сөзүн кала берсе канышага да айта алчу. А каныша болсо баары үчүн дайын эле: абдан каардуу, ачуулуу, мерез, ырайымсыз. Өзгөчө […]