Молдова эл жомогу: Аңкоо карышкыр

Илгери бир акылсыз карышкыр жашаптыр. Бир күнү ал эчкиге жолугуп калып минтет: – Азыр сени жейм. – Макул,  эгерде менин тагдырым ушундай болсо кантмек элем. Бирок мен абыдан картайдым, анан да арыкмын. Эгерде сен биртке күтө алсаң, мен үйгө чуркап барып, кызымды сага жиберем. Анын эти жумшак,  өзү жаш. Карышкыр макул болуп, эчкини коё берди да, бадалдын түбүнө жатып күтүп калды. Эчки үйгө чуркап барды да, карышкыр жөнүндө койчуга айтып берди.  Койчу акырын аңдып келип бадал түбүндө жаткан карышкырды таягы […]

Талгат КЕҢЕШБАЕВ: Кек

АҢГЕМЕ Кыз кылыгындай наздуу, кулпурган жайык жайлоо. Жумшак жел. Буралып, шыңкылдай күлгөн эрке булак… Көрүнгөндүн жугундусун ичип жүрүп күлтүйө семирген дөбөттү ала канчык куйругун шыйпаңдатып жыттатып жатып шаң-салтанат менен айылга ээрчите келген. Экөө үйүгүшүп, көлөкөдөн көлөкө издеп жүрүшчү. Курсагы челкейип, жер чие баштаганда канчык жоголду. Ээси “уурулардан” көрдү. Дөбөт болсо күн бою көлөкөдө жаткандан башканы билбейт. Жаш токол жугундуну бир табак кылып алдына коёт. Ит көздөрүн алайтып, идишти кошкөңүл жалап-жуктап тазартып, кайрадан көлөкөсүнө жатат. Айыл балдары күнү бою “жайтабардын” сазайын […]