Жекшенбай КУРМАНОВ: Көкчунак

АҢГЕМЕ Жакендин атасы жеринен эле мергенчилик кылып келет. Ошол себептенби, айылдагылар «Мергенчи аке», «Мергенчи ата» дешип атынан аташпайт. Мылтык кармабай калганына көп болсо да капкан жайып, үйгө токтобойт. Кээде Жакенди учкаштырып алып капкандарын кыдырып, жолдо ката кызыктуу кеп салып берип кумардан кандырат. Бир күнү карышкырга салчу капкандарын байланып алып үйдөн эрте аттанып кетти. Демейде кечтен калбай келчү атасы ал күнү келген жок. Эртеси да келбеди. Үйдөгүлөр эмне болду дешип кооптоно баштады. Жакен да чыдамсыздана күттү. Айыл четине чыгып, атасынын келе […]

Жек ЛОНДОН: Жалган күндөрдүн шооласын ээрчип[1]

АҢГЕМЕ Ситка Чарли оозуна канжасын тиштеген бойдон «Полис-газеттин» дубалга чапталган бир сүрөтүн көпкө үңүлө тиктеп турду. Андан жарым саатча көз айырган жок, бирок улам алдыртан тымызын ага көз жиберип байкап турдум. Анын башына кандайдыр бир ой түшкөнсүдү — кандай ой экенин кудай билсинби, иши кылып кызык болуу керек. Ал өз өмүрүндө көптү көрүп, далайды башынан өткөрдү жана укмуштуудай өзгөрүп кетүү да колунан келди: ал өз элинен четтеп, колунан келишинче бүт дити менен ак адам болуп кетти. Биздин ортобуздагы жылуу жайга […]