Кыргыз эл жомогу: Бүркүт менен түлкү

Бир мезгилдерде бүркүт менен түлкү дос жана өтө ынтымактуу болушат. Бирибизге бирибиз кара санашпайлы деп убадалашат. Ошондон көп убакыт өтпөй бүркүт бир жыгачка уя салат, ал жыгачтын түбүнө түлкү тууп, бачикилерин бага баштайт. Түлкү бир күнү бачикилерин калтырып, алыс жакка жем издеп кетет. Ошол учурда бүркүттүн карды ачып, дарактын түбүндөгү түлкүнүн бачикилерин жеп салат. Анан нык тойгондуктан уйкуга кирет. Бир аздан кийин олжосу менен түлкү келет. Караса, балдары жок. Ал: «Алыстан душман келбейт. Бул карасанатайлык бүркүттүн колунан келди», – деп […]