Аскер САКЫБАЕВА: Багы жок элдин баатыры көп

Жакында интернеттен окуп калдым, кадимки Аскар Акаевдин заманында министр, өкмөт башчы болуп жүргөн, азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Кубанычбек Жумалиев, Апас Жумагулов деген аксакал 85 жашка чыккандыгына байланыштуу ага Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгарып койсок болбойбу дегендей сунушун айтыптыр. Айрым адамдарга кээде таңгалбаска айла жок. Сыртта кайсы кылым, кай доордо жашап жатканыбыздан анча-мынча кабар алып турушса жакшы болор эле. Биринчиден, Кыргыз Эл баатыры наамы адам кайсы бир жашка толгондугу үчүн эмес, чыныгы баатырлык иш кылганда берилсе керек эле. Экинчиден, […]