Мамасалы АПЫШЕВ: Чоңдордун оюну

АҢГЕМЕ Бала бул күндү көптөн бери чыдамсыздык менен күтүп жүргөн,— өзүнө теңдүү, улак тартышка барууга үлгүрүшкөн балдардан уккандан бери,— ар күнү жатарында чоң атасынан: «Качан барабыз?» — деп сурап жүрдү. А кээде ушул өзү али көрө элек оюнду түшүндө да көрүп. Бүгүн бала баары жокту унутуп, короо ичинде өзүнчө ойноп жаткан; анан ал кокусунан башын көтөрүп, чоң атасы атын токуп, кайдадыр камынып жатканын байкап калды. Бала кыйлага андан көзүн албай тиктеп турду да, анан күтүүсүздөн оюна келе калган чечимден улам, […]