Сымбат МАКСҮТОВА: Тешик сеткадагы «Русская водкалар»

ЭТЮД Өмүрүмдөгү эң урунттуу, эң таттуу учур — балалыгым болду. Биздин балалык Советтер Союзунун акыркы 10-15-жылын ичине камтыды. Сексенинчи жылдардын ичи балалыгымдын бал ширин учуру эле. Ошол кезде үйдө төрт кыз бар болчубуз. Улуу эжелерим турмушка чыккан, бир агамды армиядан кийин таэнемдер колуна алып, бир агам шаарда жашачу. Удаа төрөлгөн төрт кыз үй жумуштарынын баарын аткарчубуз. Мен эркек болууну самачумун, көйнөк кийбей ыйлачумун. Узун көйнөк кийгизип койсо “мени кыз кылбагыла, баары бир кыз болбойм” деп көйнөктүн этегин шымымдын ичине ныгырчумун. […]