Дилазык: Бакыттын ачкычын издегендер жөнүндө уламыш

The Beatles ансамблинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Леннон кичинекей кезинде, анын апасы ага дайыма кайталап айтар эле, жашоодогу негизги нерсе — бул бакыт. Баштапкы мектептин мугалими балдардан чоңойгондо ким болгулары келишери тууралуу дилбаян жаздырды. Жон “Мен бактылуу” болгум келет деп жазыптыр. Мугалим дилбаянды окуп: “Сен тапшырманы түшүнбөйт экенсиң”, —десе, келечектеги улуу музыкант: “Сиз турмушту түшүнбөйт экенсиз”, — деп жооп бериптир. Аныкы туура болучу. Ар бир адамдын таттуу кыялы — бул бактылуу болуш. Бирок ал кандай сезим, аны кантип туюп, кантип сактап […]