Бекташ ШАМШИЕВ: Өрүк комуз (шедевр)

АҢГЕМЕ Бу чалды көргөн-билгендердин көбү, «а, баягы алкештердин атасыбы?» дешчү. Жашы токсондон ашкан чал эки-бирдей уулунан тирүүлөй ажыраганын билген соң, бүт дүйнөсүн комуздан издеп калган. Чалды балдарына чейин эле эрчише келген эки жамандык белге тээп баса берди. Бири – бейиши болгур кемпири болсо, бири кулунчагынан куунап чоңойткон — Жээрде кашкасы эле. Кезинде дубан жарган күлүктүн ичээр суусу, батар күнү түгөп, тарамышы көк тартып баратканы көп болгон. Кемпиринин кара ашында союп салалы дегендердин сөзүн жакын жуутпай койгон чал, эртели-кеч сыртка чыгып, […]

Конфуций үй-бүлөдөгү тартипти сактоо жөнүндө V

* * * Мэн-цзы айткан: “Достордун ишенимине ээ болуунун жолдору бар. Эгерде ата-энеңди багып жүрүп аларга кубаныч тартуулай албасаң, анда досторуңдун ишенимине  арзууң мүмкүн эмес. Ата-энени кубандыруунун жолдору көп. Аны өзүңдөн талап кыла бил. Эгерде көрсөткөн жакшы пейилиң чын дилден чыкпаса, ата-энеңе кубаныч тартуулай албайсың”. * * * Мэн-цзы айткан: “Байыркы замандарда аталар уулдарын тарбиялатыш үчүн аларды өз ара бири-бирине жиберип турушкан. Алар уулдарына жумшак мамиле кылууну өз ара сурашышпаган, башкалардан да муну катуу талап кылышкан. Эгерде өзүңдүкүн аёону суранып, […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Атамдын махабаты

ЭТЮД 1993-жылдын октябрь айы. Самарбек атам экөөбүз колхоздун койун кайтарганга тийген, Мырза тору деген атка учкашып “Асан сарайга” жөнөдүк. Үйдөн экөөбүз тең капа болуп ээрчишип чыкканбыз. Жолдон энем жөнүндө талкуу башталды. Атам мени өз теңтушундай көрүп сырын ачты. Энемди кантип сүйгөнүн, кандай ала качып алганын. Анан турмуш өз энчисин бөлүп берип 4 эркек, 4 кыз бергенин. Машинага тебеленген наристесин, эсинен танып кала турган тубаса оорулуу иним Жанарды айтып каңырыгы түтөп баратты. “Астра” деген аты гүл болгону менен жыты сасык тамекисин […]

Олжобай ШАКИР: Образ

АҢГЕМЕ Өлгөндөй сылаңкороз да ушу. Жок дегенде кайын журтуна баратканда сылаңкороздугун коё турбайбы десең, чычайбай. Келинчеги «алдагыңды чечип, шым эле кийчи» десе болбой шортик кийген… Анан калса шортиги да чаарала. Стильный. Жайдын ысыгында шортигин чечкиси келбеген чилистен сөзгө сынарын кайдан ойлосун. Күн чайыттай ачылып турганынан жайлоо төрүнө жеткиче мени ким көрмөк эле деген кежирлигин карматып туруп албадыбы. Кайниси Урматтыкына шаардан келип бир түнөп, эртеси тоого камынышты. Тоо дегенди уккан балдары күрү-гүү, чуру-чуу. Чилистендин башындагы кийгеничи, тири шумдуктай панамка эми. Балыкка […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Ырчы (шедевр)

АҢГЕМЕ Бу корто кишини ырчы экен деп ким ойлоптур. Кудай акы, эч убакта менин оюма келмек эмес. Атургай адеп укканымда ишенгеним жок. Аны ырчы дештин өзү шылдыңдай сезилди. Айыл дүрбөп калды ырчы келиптир деп. Кечинде ырдайт экен. Эсепчи Жумабайдыкына токтоптур. Алыс, алыс туугандары имиш аялынын. Бул чакан айылдын жалгыз дүкөнүн бири кетсе, бири келип, беш-алты киши сагаалап турганы турган. Булардын бүгүнкү чоң жаңылыгы ошо ырчы болду. — Көрдүм, корто неме экен көзгө жугуму жок. — Жыргаган киши ырчы болмок беле. […]

Муратбай НЫЗАНОВ: «Жакында кызык болот»

Боордош эл адабиятынан Каракалпак элинин таланттуу жазуучусу, сатирик жана сценарист Муратбай Нызанов 1951-жылы жарык дүйнөгө келген. “Ашык болбогон ким бар” (роман, 2013), “Аба кемесиндеги экөө” (повесть, 2014), юмор, интермедия, аңгеме, сатира, пьесалардан куралган “Мага күлкүлүү” (1987), “Сага болбойт” (1990), “Башка өлкөдөгү жети күн” (1992), “Жакында кызык болот” (1999) китептеринин автору. 2012-жылы жарык көргөн “Маргия” ж.б. фильмдердин сценарийин жазган. “Бердак” атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Учурда “Каракалпакфильм” студиясынын деректири. Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу САТИРА Адам баласы акыл-эстүү жан болгон соң […]