Шайырбек АБДРАХМАН: Өгөө

ЭССЕ Жетинчи же сегизинчи класста окуйм. Баягы 90-жылдардын башталган кези. Совхоз, колхоздор тарап, акчанын баркы кетип, заман тарый баштаган учур. Өмүрү базарга чыкпаган биздин айылдыктар бирин-серин базарга чыгып, бирдемелерди сата баштаган. Эсимде, кокус-какыс базарда соода кылып жаткан кезинде тааныштары өтүп калса, ар шылтоону айтып актаныша сүйлөшүп же кызарып-татарып уялыша түшүшөр эле. Чынында жакында эле жаңы ачылган базарга жаныбыздагы Наманган, Заркент, аны-муну деген кошуна Өзбекстандын шаарларынан чайкоочулар келишип, соода сатык кылышчу. Мага айрыкча, майда-чүйдө, тамакка кошчу калемпир, бирдемелердин уруктарынан баштап, балык […]

Самара НАСЫРОВА: Түштүк жергесинин көктөмү жана көркөмү

Мына ушинтип насип буйруп отуз жетинчи жазымдын биринчи күнүн тосуп отурам. Биринчи март, биринчи көктөм, жаздын алгачкы күнү… «Туулган жердин топурагы алтын» демекчи, кай жерде кандай күндө жүрсөм да, берекелүү Түштүгүм ар дайым көңүлүмдө. Айрыкча, Россиянын узакка созулган кышы каардуу. Он эки миллионго чукул калкы бар ызы-чуусу аралаш жашоосу, анан дагы ара күндө жааган жааны жадатканда, Түштүктүн мээ кайнаткан ысык аптабы, март айы баш баккандан баштап, «жер айрылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан» жаздын жыты мурдума уруп, ушул кездеги […]

Ильгиз ТАЛИП: Өктөлүү кеп

АҢГЕМЕ Жай саратанда айыл ичи үп болуп, куяш тарабынан оорлошкон аба адамды думуктуруп, жан-жаныбар көлөкө качырып калат. Эмгек талаасындагылар мындайда шыйпаңга чогулуп, тамактанган соң арык боюндагы көрүнгөн талтеректин түбүндө солуп жатышат. Ушу маалда жан-жаныбар, паренделер да тынып, жымжырттык өкүм сүрөт. Коларага жарап калган бизге окшогон мадырабаштардын да өз түйшүгү бар. Бирин-экин кой-эчкини жайытка чыгарып, уй менен музоону аңыз четине аркандап келебиз. Бала деген бала да – ара-чолодо оюнга алаксып, кайтарган малыбыз эгинге кирип кетсе, корукчудан балак жеген күндөрүбүз да болгон… […]