Жамалбек Ырсалиев: Менин агам!

3-класста окуп жүргөн кезим. Айылда койду кезектешип кайтарышат. Аны “кезүү” деп кыскартып коюшат. Биздин кезүү келип, 7-класс окуган агам кой кайтарып кетти. Мен түштөн кийин сабактан келгенимде “тамак жеткирип кел” деп байкеме жиберишти. Эшикке чыгып чүкө ойноп кетип, убакыттын кандай өткөнүн билбей кечинде кой тарагандан кийин үйгө келдим. Келсем, байкем ачка боюнча кечке кой кайтарганын айтып ыйлаптыр. Мен болсо шамыраңдап футболкамды шымдап алып, курсагыма уткан чүкөмдү салып, жоо сайгансып кирип келип атпаймынбы. Уткан чүкөмдүн кубанычына апам менен атам жазаламай болушту. […]

Жамалбек Ырсалиев: Көк жылгаяк (шедевр)

ЭССЕ Шаарыбыздын Тунгуч кичи районундагы белгилүү журналист Азамат Кыязов уюштурган “Айтумар” билим борборунун алдындагы бийик тепкичке топ бала жылгаяк жасап тээп жатышыптыр. Балдардын бактылуу болуп үч метрлик бийиктиктен муз тепкенин көрүп аябай кубандым да, абда-ан кейидим. Биздин бактылуу балалык Нарындын бийик тоолорунда өткөнүн, 3 метр эмес 300 метр бийиктик аз көрүнүп, Коңур-Дөбөнүн бетине алыбыз калбай калганча килейген чаналарды көк муштум болуп сүйрөп чыкканыбыз, эки колдо эки бөлөк таар кол каптар менен, ошол бийиктикке кандай азап менен чыгып барып, көз ачып-жумганча […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Чымчык деле уясына кирди

ЭССЕ Үйгө келсем оюнчуктарын тизип алып берилип ойноп отурат. Мен болсо ооруканадагы энемди ойлоп, негедир өзүмчө бук болуп тургам. Алихан менен кошулуп ойноп кеттим. Мен баламын. Себеби менин энем бар. Мен да эркелегим келет. Бирок чоң атамын. Социалисттик мелдешке катышчудай он жетиге толбой жатып үйлөнүп алганымды айт! Балалык доорум мал менен өткөн. Себеби айылда көргөн- бакканыбыз мал. Менин балалыгым… эртең менен эрте туруп, уй сийе электе бастырманын астынан жетелеп чыкмай, “шылк мүйүз” деген меникинен бетер табарсыгы бош, басканда бийлеп баскан […]

Олжобай ШАКИР: Атам мени эмне үчүн урчу эле…

АҢГЕМЕ I Мектеп босогосун аттай элек кезим. Бейбаштыгымды көтөралбаган атам какыс-кукус кыла койгондо апам кургур «балаң эс тартканда өзүле токтолот» деп чырылдап жиберчү. Мен бул сөзгө чындап ишенчүмүн, атам ишенчү беле, жокпу, билбейм, бирок апамдын кебине кулак салбагансыганы менен бираз ачуусу тарап, шалдайып калчу. Атам туруп-туруп эле бир күнү мени катуу сабады. «Өпкөңдү үзөм!» деп күрс эттире урганда күпчүйүп жыгылдым. Чын эле өпкөм үзүлүп кеткендей өзөрүп куладым. «Ик-ик-ик…» деп үнүм чыкпай калды. Түпкүчтөй түйүлүп жатканымды көргөн атам: «Экинчи сени урсам, […]