Эфиоп эл жомогу: Аңкоо катын жөнүндө

Тоону кыялаган жолдо бир аял келатыптыр. Орто жолго жеткенде ал койчуга жолугуп калат. Койчу аны аяп мындай дейт: – Отуруп эс ал, алыстан келатасың. Муну укканда аял таңгала түшүп сурады: – А сен менин каяктан келатканымды билесиңби? Аялдын аңкоо экенин аңдай калган койчу: – Билем, ылдый жактан келатасың,- деди ишенимдүү түрдө. Бул жоопко ого бетер таңгалган аял кайра сурады: – Туура, ылдый жактан келатам. Аны сен кайдан билдиң? Аялдын мындай аңкоолугуна койчу аябай таңгалып, бир эсе күлкүсү келип, дагы да […]

Лев Толстой: Дарактар дем алышат

АҢГЕМЕ Баланын табы жок эле. Аласатып, урунуп атып эле тынчып калды. Энеси уктап калды деп ойлогон. Караса дем албайт. Ыйлай баштады да, чоң энени чакырып айтканы: — Карачы, балам өлүп калыптыр. Чоң эне: — Ыйлаганга шашылбай, коё тур, мүмкүн өлбөй эле жаны тынч алып тургандыр? Оозу-мурдуна күзгүнү жакындатып көрөлүчү. Эгер күзгү тердесе, демек, дем алып атканы, тирүү. Күзгүнү мурдуна жакындатышты эле, күзгү бозоруп тердеп кетти. Бала тирүү эле. Улуу Орозо айында күн жылымдап турган менен кар текши кетпей, кайра суук […]

Балдар үчүн математика жомогу: Алуу белгисинин мааниси

Сандардын сыйкырлуу өлкөсүндө Кошуу жана Алуу деген эки бир тууган жашаптыр. Кошуу өзүн аябай жогору коюп, минтип мактанчу экен: — Мен бул өлкөдө эң негизгисимин: сандарды бири-бирине  кошпосом эч нерсе көбөйбөйт. Ал эми сен болсо кемиткенден башканы билбейсиң, эч кимге эч кандай пайдаң жок. Күндөрдүн биринде ушул сөздү уга берип жадаган Алуу таарынган бойдон кетип калат. Ошентип ал кетип баратып кимдир-бирөөлөрдүн жардам сураган аянычтуу үндөрү угулат. Ал чуркап келип караса, шаарга  сандар кол салыптыр. Алар абдан көп экен. Кошуу аларды […]

Поляк жомогу: Мышык менен түлкүнүн өтүк алууга барганы

Кыш жакындаган сайын мышыктын көңүлү чөктү. Анткени жылуу өтүк сатып ала элек болчу. Анан бир күнү эптеп чыгынып, аялы экөөнө өтүк сатып алыш үчүн шаарга жөнөдү. Жол ортолоп барып калганда түлкүгө кезикти. Түлкү биринчи суроо ыргытты: — Пан Мышык, сен кайда жөнөп калдың? — Шаарга аялым менен өзүмө өтүк сатып алганы баратам, болбосо жылаңайлак жүргөнгө жер  муздак болуп кетти,- деди мышык. — Жакын жерде менин Кашаба деген жакшы тааныш өтүкчүм бар, жүрү ошондон карап көрөбүз,- деди түлкү. Ошентип түлкү аңкоо […]

Болгар жомогу: Митайым Петр жана жылан

Бир кезде жер жүзүнө түрдүү желмогуздар, ажыдаарлар жана учуучу жыландар ээлик кылып турушчу экен. Анан Кудай бүткүл дүйнөлүк топон суу жүргүзүп: жер жүзүн тазалап, бул жарык дүйнөгө азыркы жашоону жаратат. Бирок ошол ажыдаарлардын доорунан бир жылан кандайдыр калып калган болот. Ошол жылан топон суу соолуп, жер кургары менен жолдо жүрү-жүрүп отуруп болгар тоолорунун арасындагы бир терең үңкүргө келип туруп калат. Үй жумушун жасатканга бир жезкемпирди жалдап, көп жыл туруп зеригип, урушарга жоо таппай, күч сынашуу үчүн баатырларды издеп жөнөйт. Ал […]

Армян жомогу: Жамынчыңа карап бутуңду соз

Бир жолу адилетсиз падыша өлкөсүндөгү уздарды чакыртып, өзүнүн боюна чоң да эмес, кичине да эмес жамынчы тигүүнү же токууну буюрду. Эч ким анын бул буйругун так аткара албагандыктан падыша алардын баштарын алдырып салат. Бир күнү падышага бир тикмечи келет. — Падышам,- дейт ал.- Мен сенин боюңа чапчак келген жамынчы тигип берем. — Тигип көр, бирок алдын ала эскертип койоюн: аз-маз кичине же кең болчу болсо башыңдан айрыласың! — Макулмун,- деген тикмечи жумушка киришип, атайылап эле бир топ кыска жамынчы-жууркан тикти. […]

Беларус жомогу: Эки аяз

Талаада Көк мурун, Кызыл мурун деген эки аяз бир тууган сейилдеп жүрүштү. Ал экөө ойноп-күлүп да, бири-бирин мактай берип да тажашты. Ал эми түн болсо узун, а дүйнө кенен, аяздар болсо эркин. Айлана тынч, дүйнөдө эки аяздан башка эч ким калбагандай. Зериккен аяздар талаадан токойго келишип, бактан-бакка секиришти, коёндорду коркутушту. Токойдон кыштакка келип, терезелерге сайма сайышты, үйлөрдүн жыртыктарынан үйлөштү, чатырларда оюн салып, көчөлөргө муз тоңдурушту. — Эхе, карачы бизден баары коркушат! — деп улуй кыйкырды Көк мурун аяз. — Чыгып […]

Кыйтырдын кеңеши

Дат жомогу Ютландияда колдон суурулган эки алдамчы жашашыптыр. Биринин  эл койгон ылакап аты Шыпыр, экинчисиники Кыйтыр экен. Экөөнүн кылган иштери  алдамай болгону менен бири бирин таанышчу эмес тура.  Бирок алар акыры жолугушушуп,  алдамчылыктарын сынашып, ал мындайча болуптур. Бир жолу кайран Шыпыр бир эле уюн жети касапчыга сатып акчасын жок кылат. Бирок бул жолу ал канчалык далбастаса дагы жети жагынан жети касапчы жети ач  карышкырдай талап, соттун алдына алып  барышат. Башы менен жер сүзсө дагы түзүк ой,  оң арга таппаган Шыпыр […]

Ата, бала жана эски кумура

Ооган жомогу Өспүрүм бала бир күнү ичинде суу куюлган кумураны шыкаалап, өз сөлөкөтүн көрөт. Тилин чыгарса, тили да көрүнөт кумура ичинен. Башын чайкаса, тиги да башын чайкайт. Бала коркконунан атасына тызылдап жетип, көргөн шумдугун айтып берет. Атасы уулун ишенип-ишенбей аңырайып тиктейт. – Жүрүчү, көрөлү. – Уулун жетелеп барып кумуранын ичине үңүлөт. Кумура ичиндеги сакалчан кишини көрөрү менен аңырайып таңгалат! Мына анан, кумураны алат да, өйдө көтөрүп туруп жерге чаап салат. Кумура быркырап талкалангандан кийин атасы айтат дейт: – И-и, сооп […]

Күн, Аяз жана Шамал

Украин жомогу Жолоочунун жолунан үч караан кезигип калат. Аларды көргөн жолоочу: – Кутмандуу күнүңөр менен! – деп өтүп кетет. Тиги үчөө «саламды сага эмес мага айтты» болуп өз ара кыжыңдашып, жолоочунун аркасынан бирөөсү жүгүрүп жетип сурайт: – Сен үчөөбүздүн кимибизге кутмандуу күн кааладың? Жолоочу таңгалып сурайт: – А силер ким болосуңар? Тигилердин бирөөсү айтат: – Мен – Күнмүн! Башкасы айтат: – Мен – Аязмын! Үчүнчүсү айтат: – Мен – Шамалмын! – Шамал болсоң, демек Шамалга айттым кепти. Күн айтат анан […]

Жомок: Улан менен Санташ

Илгери өткөн заманда аскасы асман тиреген тоо арасындагы бир кичинекей айылда ай десе аркы, күн десе көркү жок Канышай аттуу сулуу кыз жашаган экен. Ал сулуу гана эмес акылы тунук, ата-энесине жароокер, жан-жаныбарларга боорукер жан болуптур. Көргөн адамдын көз жоосун алып Канышай солкулдап бойго жеткенде ага Жети-Өгүздүн сыртындагы Санташ менен Боом капчыгайынын этегинде жашаган Улан аттуу эки жигит ашык болуп калат. Алар Канышайга жагуунун аракетин кыла башташат. Жаа тартышса да, балбан күрөшкө түшүшсө да, эңишсе да алар эч кимден жеңилбейт. […]

Картаң малчы мактанчаакты кантип жазалады?

 Бурят жомогу Жаш жигит биринчи жолу ууга чыкты. Жыш тайгада элеңдеп ары-бери каранып коркуп барат. Тайга жымжырт. Бир убакта дарактардын шуудурун жана таштардын бири бирине кагышканын угуп калат. Коркуп кеткен мергенчи бийик өскөн ак кайыңга чыга качат. Караса чын эле эки токой алпы – аюу менен каман кармашып атыптыр. Аюу каманга карап алдындагы таштарды шилеп ыргытат, а каман болсо аны тоотуп да койбой, алдыга жылат. Каман эптеп аюуга жетти да орсойгон курч маңдай тиши менен аны челип ыргытып, анан ичин […]

Акылдуу карыя жана үч биртууган

Албан жомогу Кең жаздын боюнда жайгашкан үйдө үч бир тууган жана алардын атасы жашаган экен. Сазга жакын жашоо жыргал турмуш эместигин баарыңар билет чыгарсыңар. Балдардын атасы өлөр мезгил да келет, ал анан үч уулун чакырып, деп турганы: – Уккула, балдарым! Силер бул жерден көчүшүңөр керек. Бизден оору менен жамандык кетпегени – кең сазда жашаганыбызда. Үй кургула, бирок аны тоо бооруна курсаңар, турмушуңар ошондо оңолот. Арийне, адегенде ишке билек түрөрдөн мурда токойдо жашаган акылдуу карыя менен кеңеш кургула. Күндөр өтүп, атанын […]

Кереметтүү үч белек

Пакистан жомогу Эки биртууган жашаптыр. Улуусунун үч уулу, кичүүсүнүн жалгыз кызы болот. Улуусу бир күнү көз жумат экен. Анан анын үч уулу авасыныкына келип, минтип айтышат: – Аваке, кызыңызга үйлөнөлү деп, биз анын колун сурап келдик. – Менин кызым жалгыз болсо, а силер үчөөңсүңөр, – дейт кыздын атасы. – Жалгыз карагымды үчөөңөрдүн кимиңерге бермек элем? Мегиле, колуңарга үч жүз рупий[1] берейин, муну өз ара бөлүшүп, соода ишин кылгыла. Кимиңердин итиңер чөп жесе, кызымды ошонуңар аласыңар. Тиги үчөө акчаны алып, буюм […]