Балдар чыгармачылыгы боюнча конкурс жеңүүчүлөрү аныкталды!

1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата 2016-жылдын декабрь айында жарыяланган балдар чыгармачылыгы боюнча конкурсубуз жыйынтыкталды. Конкурска бардыгы болуп он эки окуучу катышты. Калыстар курамындагы белгилүү педагог жана адабиятчы, жазуучу Абдыкерим Муратов, «Кыргыз маданий борбору» сайтынын жетекчиси, акын Марат Токоев жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин чечими менен 10 жаштан 13 жашка чейинкилер арасында эң мыкты дилбаян жазгандыгы үчүн: 1-орундун жеңүүчүсү Өмүрбай уулу Элдияр деп табылды (Нарын шаары, Жапар Чолпонбаев атындагы №10 мектебинде 7-класс). Ал эми 2-орунга татыктуу дилбаян автору болгон […]

Сынакка: Кайыңдынын кайыңдары (Менин айылым)

№12 Мен жашаган айыл Баткен облусунун Баткен районунун Кайыңды айылы. Кайыңды район аймагындагы тоолуу айылдардын бири болгондуктан, жайкысын бош убактыбыз дээрлик жайлоодо өтөт. Жыл сайын чоң атам менен чоң энеме кол кабыш кылуу үчүн Чаар-Таш жайлоосуна чыгабыз. Жайлоонун Бел деген ашуусуна жеткенде бир кереметке жеткендей ар бир бараткан адам эс ала түшөт. Анткени бул жерден биздин Кайыңды айылы алаканга салгандай көрүнөт. Касиеттүү Дары-Булак шаркыратмасы агып түшкөн жерден биздин жайлоолордун этеги бүтүп, айыл башталат. Ар кандай жарааттарга, түрдүү ооруга даба болгон […]

Сынакка: Мен келечекте кинорежиссер болгум келет

№11 Улам чоңойгон сайын ар бир өспүрүм болочогу тууралуу кыялданып дагы, кооптонуп дагы ойлоно баштайт экен. Мен кичинекей кезимден эле китептерди, жомокторду окуганга абдан кызыкчумун. Жомоктордун түрдүү каармандары менен чоңойдум. Менин китепке болгон кызыгуумду байкаган атам залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 8 томдугун сатып берди. Мен анда жетинчи классты аяктаган учурум эле. Жайы бою каникулда Айтматовдун көп чыгармаларын окуп чыктым. Каармандардын кубанычына кубанып, кайгысына ыйлаган күндөрүм болду. Айрыкча күйөөсүнөн, үч баласынан, келининен айрылып жалгыз бой калган Толгонайдын тагдыры абдан кейитти. Абдан […]

Сынакка: Биздин айыл кулпунай менен кыпкызыл алмалардын мекени

№10 Менин атым Чыңгыз. Төрт бир тууганмын. Азыр Бишкектеги №5-гимназиянын 5-классында окуйм. Атам Данияр тогуз бир туугандын эң кенжеси анан эң боюу узуну. Атам дагы эки чоң атам, апчем борбор калаабыз Бишкекте жашайбыз. Калган беш чоң атамдар кичи мекенибиз Талас районунун Көк-Токой айылында турушат. Көк токой айылы Талас шаарынан эки аялдама арыраак жайгашкан. «Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып мени караткан Көрөм деп келген адамдын Кеткиси да келбейт Таластан» — деп ырдаган Шекербек Шеркулов атабыз дал ушул биздин айылдан болорун атам айтып […]

Сынакка: Мен уста болууну каалайм

№ 9 “РухЭш” сайтына абдан ыраазымын: өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыяланып турганына. Апам дайыма эскертет: «Балам улук болсоң, чынчыл бол. Сабакты көп окуп, билимиңди өркүндөтүп, көп нерсени жатка билгендей бол. Эки жүздүү болбогун, денеңди, кийимиңди таза тут. Ар бир айтылган маселеге ойлонуп жооп бергин. Адамдар менен сөз талашпастан, сүйлөр учурду күт. Сөз кезеги келгенде чечен, чебер тил менен сүйлөгүн», — дейт. “Илим кушу өзү конбойт колуңа, Түшүп бербейт жатып алсаң торуңа. Эмгек керек, окуш керек талыкпай, Мына ошондо гүл төшөлөт […]

Сынакка: Мени компьютердик программалоо кызыктырат

№8 Ким болгум келет? Мен Сексенова Бегайым Бейшалиевна Ысык-Көл областынын Каракол шаарынын тургунумун. Азыркы убакытта №3 гимназия мектебинде 9 “Г” классында окуйм. Мектепти буткөндөн кийин биз өзүбүздүн жашообуздагы эң маанилүү кадам жасайбыз. Айрымдары турмуш куруп, өз бактыларын үй бүлө күтүү менен түзгүлөрү келсе, айрымдары каалаган же каалабаган окуу жайларга тапшырып студенттик жашоого кадам ташташат. Ошондуктан мен азыртадан эле ойлоно баштадым. Негизинен келечектеги кесибибиз акча табуу үчүн гана эмес, өзүбүздүн көңүлүбүзгө да жагуусу эсепке алынышы б.а., кызыктуу болушу шарт. Мен өзүм […]

Сынакка: Ата-бабалардан калган Ак-Дөбө

Менин айылым «Асманда жылдыз, жерде кыргыз болсун» демекчи, мен кыргыз болуп калганыма сыймыктанам жана даңктанам. Ошол бейиши жыттанган, аскасы асман тиреген, чер токойлуу, мөлтүр булактуу, кенге бай мекеним Кыргызстандын Жалал-Абад областынын аттын кашкасындай таанымал Аксы районунун Кербен шаарынан үч чакырым аралыкта жайгашкан Ак-Дөбө айылы менин киндик каным тамган ыйык туулган айылым. «Тарыхы болбой эл болбойт» деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени жети атаңдын жашаган жеринин тарыхын билбесең Ч.Айтматов атабыз жазгандай маңкурттан айырмаң жок болсо керек. Ата-бабаларыбыз айтуусу боюнча Ак-Дөбө айылынын тарыхы […]

Сынакка: Айылыбыздагы Ак-Дөбөнүн тарыхы

Менин айылым №6 Мен кичинемден эле айылымдын Ак-Дөбө деп аталаарын билчүмүн. Бирок эмне себептен андай аталганын билүү оюма да келбептир. Бир күнү эжейбиз Айганыш: «Балдар, силер билесиңерби, айылыбыз эмне себептен Ак-Дөбө деп аталып калган?» — деди. Ошол убактан баштап себебин билүүгө кызыктым. Айылдагы улуулардан, тарыхчы Нурманбет агайыбыздан сурамжыладым. Көрсө, мурда атайылап курдурган кароол дөбөлөр болгон экен. Ошондой дөбөлөрдүн бири биздин айылда болуптур. Ал тургай ал дөбө биздин үйүбүздүн жанында турат. Кыш мезгилинде мен ал дөбөгө досторум менен жылгаяк тээп ойносом, […]

Сынакка: Менин шаарымдын тарыхы

Менин аты-жөнүм Турдалиев Нурэлес. Мен Кыргызстандын атуулумун. Мен он үч жаштамын. Кыргызстандын өнүккөн мамлекеттерден болушун каалаймын жана өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет. Ал үчүн ар бир адам өз элин, жерин сүйүшү керек. Менин сүйүктүү шаарым Жалал-Абад. Ар бир жердин аталышынын өз тарыхы бар. Илгери Жалал-Абад шаары жайгашкан жер ээн талаа болгон дешет. Эл үчүн жанын үрөгөн Мурзакул болуш калк кыдырып кетип баратып, бак-дарактарды отургузуп, гүлдөрдү эгип жүргөн баба дыйканды көрүп калат. Анын аты Жалал экендигин билет. Ачылып турган гүлдү, жетилип […]

Сынакка: «Журналист болууну самайм»

Мен ким болгум келет? «Туулган жердин топурагы алтын» дегендей, мен дагы кышы ызгаар, жайы салкын, тоолорунун мөнгүсү күнгө жалтыраган, жайлоосу жашыл көлдөлөң Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 2002-жылы 17-декабрда жарык дүйнөгө келгем. Азыр районубуздагы Ш.Бейшеналиев орто мектебинде 8-б класста окуйм. «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дегендей, келечекте ким болоорумду азыртадан ойлонуп, ар убак толгонуп жүргөн мезгилим. Кичине кезимден эле теле алып баруучу, журналист, кабарчы болуу менин жан дүйнөмө жакын. Азыр толугу менен ушул кесипке берилип, кыргыз жана англис […]

Сынакка: «Сүмөлөккө сүрөт түшүп калат»  

Менин айылым Мен Эркинова Аймээрим 2006-жылы Шамалдуу-Сайда төрөлгөм. Азыр Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы №38 Алтай Осмонов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйм. Конкурс тууралуу таежемен уктум. Азыр таене-таятамдын колундамын.Үч-Булакта. Айылдын башында суу үчкө бөлүнүп, анын бирөөсү бизге келет. Антейин десем, бизде дагы да булактар бар. Мисалы: Дары-Суу, Фанталей, Дары-Булак деп сыймыктанган булактарыбыз бар. Аны кант диабети, кан басымы барлар алып кетишет. Бизден ылдыйда Кара-Булак деген булак бар. Бирок сайдагы шагылдарды кетмен менен тартып койсо эле булак чыга берет. Агып жаткан […]

Сынакка: «Мен акушер-гинеколог болууну каалайм»

Мен ким болгум келет? Мен Базарбаева Айбийке азыр 10-класста окуп жатам жана кесипти тандоого болгон алгачкы чекитимди коюучу учур жакындап, тынчым кетип баратат. Жашоодо эки нерсени туура тандоо керектигин билем, алар – жубай жана кесип тандоо. Сөздүн тереңинде бул нерселер менен өмүрүңдүн аягына дейре чогуу болоруң эскертилген.

Конкурска: Мен жашаган айыл жана шаар

Мен   азыр  13   жаштамын.   9 жашыма  чейин  атамдын,   менин   айылым   Ак  Моюнда,  калган  4 жылдагы  жашоомду   Нарын  шаарында  жашап  жатам.  Андыктан  мен   өзүмдүн  айылым  анан  мындан  ары   такай  жашоочу  Нарыным  туурасында  айтайын…

Балдар чыгармачылыгы боюнча конкурс!

«Коом жана Мен» сайты буга чейин маалымдап келгендей: бу сапар өспүрүмдөр арасында чыгармачылык конкурс жарыялайт. Конкурс 2016-жылдын 24-декабрында башталып, 2017-жылдын 30-майында жыйынтыкталат жана жеңүүчүлөрдүн байгеси – балдардын Эларалык майрамына карата 1-июнда тапшырылат. Байге фондубуз 32 000 (отуз эки миң) сом! 10 жаштан 13 жашка чейинкилер арасында: 1-байге – 5 000 (беш миң) сом; 2-байге – 4 000 (төрт миң) сом; 3-байге – 3 000 (үч миң) сом; 4-байге – 2 000 (эки миң) сом; 5-байге – 1 000 (бир миң) […]