Македон эл жомогу: Пётр митайым менен Кожо Насирдин

Бармактайынан үйүнөн кетип, ар кайсы байда жалданып иштеп жүрүп, аз-маз чоңойгон соң окуучусу болуп калган Пётр куунун жемин жедирбеген тыңдыгын Кожо Насирдин мугалим катары жактырчу эмес экен. Ал эми мугалиминин ач көздүгүнө Пётр чыдай албачу. Андыктан көп каяша айтар эле. Бир жолу Кожо Насирдин окуучуларына мындай деп эскертет: — Эртең үйүңөрдөн бирден жумуртка ала келгиле, кожоюн менен мекиян оюнун ойнойбуз. Анын айтканын Пётрдан башка баардык окуучулар аткарышат. Пётрда тоок жок эле, болгон күндө деле анын жумурткасын ач көз Кожого бермек […]