Балдарга тарбия көрсөтүүдөгү тибеттик көз караш

Тибеттик тарбиянын негизги эрежелери: Эң негизгиси – эч качан кемсинтүүгө жана уруп-сабоого жол берилбе. Балдарды уруп-согуунун жападан жалгыз себеби, алар жооп берүүгө алсыз. – Биринчи мезгил: 5 жашка чейин. Балага “падышага” мамиле кылгандай мамиле жаса. Эч нерсеге тыюу салба, аны алаксыт. Эгер ал кооптуу бир нерсе жасап жатса, коркуп кеткендей түр көрсөт. Көздөрүңдү ачып-жуумп, алаңдатып, чочугандай үн чыгар. Бала мындай тилди сонун түшүнөт. Ушул учурда алардын айлансында болуп жаткан нерселерге кызыгуулары артып, жашоого болгон көз караштарынын алгачкы кыштарын коюп жаткан […]