Дилазык: Токойдо адашкан беш жолоочу жөнүндө уламыш

Бир жолу беш жолоочу калың токойдо адашып калышты. Биринчи жолоочу билбеген жолго түшпөйм деп, кайра айтка кайтты. Экинчи жолоочу кудайым оң жолун берсин деп оңго бурулду. Үчүнчү жолоочу тетириленип, силер түшкөн жолго түшпөйм деп солго бурулду. Төртүнчү жолоочу кетенчиктебей дайыма алга карай жүргөн адам эле, ал бурулбай алдыга түз кетти. Бешинчи жолоочу белгисиздикти жактырчу эмес, ошондуктан ал токойдогу эң бийик даракка чыгып, тегерете көз жүгүрттү. Бийиктиктен ага токойдун кайсыл жерден бүтөрү, кайсы жолго салса барар жерине тез жетери алаканга салгандай […]

Конкурска: Кайран Дон (№7)

АҢГЕМЕ Союз тарагандан кийин колхоз, совхоздун мал-мүлкүн бөлөт экен деп, күндө эле дуулдап эл чогулат. Биз анда тогуз жаштагы балдарбыз. Ошол малды алса эле, байып кетчүдөй болуп, чоңдор деле балдар сыяктуу элеп-желеп болуп алышкан. Үй-бүлөбүздө он үч жан элек. Анда чоң ата, чоң энемдин көзү тирүү. Биз сегиз бир тууганбыз. Мектепте шоктук кылганда, агайлар да “элдин бир ата-энеси болсо, силердики үчтөн, кандай тарбия бербейт” деп тилдеп калчу. Таята, таенебизди кошуп айткандагысы бу. Эң улуу агам үйлөнүп, ал дагы биз менен […]

Франц Кафка: Чындыгында акын адам башкаларга караганда алда канча алсыз

Франц Кафка – немис жазуучусу, ойчулу, XX кылым адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Жазуучунун эмгектеринин көбү ал дүйнөдөн өткөндөн кийин жарыяланган. Анын көпчүлүк түшүнүүгө кыйын болгон чыгармаларында басымдуулук кылган темалар: обочолонуу, тынчсыздануу, күнөөлүү болуу сезимдери. Кафканы түшүнүү үчүн, Кафкадай ой жүгүртүү, сезим жана тагдыр керек… *     *     * Окшош дартка чалдыккан адамдар гана бири-бирин түшүнөт. *     *     * Жашоо дайым бизди алагды кылат; биз, атүгүл, эмнеден алагды болгонубузду да аңдабай калабыз. *     *     * Китеп биздин ичибизде тоңуп калган деңиз үчүн […]

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Мендеги» Айтматов (уландысы)

«КУШ ЖОЛУНДА» КУТ ЧӨККӨН (Мурда жарыяланган бөлүгү: Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ: «Мендеги» Айтматов) * * * Айтматов менен кинодогу соӊку жолугушуум – дагы эле Бакыт Карагуловдун «Саманчынын жолу» повести боюнча тартылган кезектеги фильмде болду. «Кезектеги» болгону, «Саманчы жолун» алгач 60-жылдарда андагы жаш режиссер Г.Базаров дипломдук иш катары тартканын билебиз. Эми да «Саманчынын жолу». Сценарийин автор жана Марат Саруулу жазышкан. Повестке кайрадан кайрылуу неликтен, кай муктаждыктан туулду? Демек, авторлордун оюнча алгачкы экрандаштыруу камтый албай калган, не, жаӊы мезгил талабында, повесть тереӊинде али ойгонбой уктап […]