Шайлообек Дүйшеев: «А» дан «Я» га чейин (2-сабак)

(Тил сөздүк) <<<<< 1-САБАК — Кана балдар, кайталайбыз, “Кайта” деген—вновь болот, Калп, жалган сөз—ложь болот. Кан деген сөз—кровь болот, Каш дегениң—вровь болот. Бектемиров, бери кара? Безгек деген—дрожь болот, Шак-шак этсе—хлоп болот. Маңдай, чеке—лоб болот, Мөөнөт деген—срок болот. Сөздөгү муун—слог болот, Сөлкөбайың—грош болот. Бөлчөк деген—дробь болот, Ордобаев жөн отургун! Отун деген—дров болот. Үңкүр деген—грот болот, Флот деген—флот болот. Нары десең—прочь болот, Молотабыт—гроб болот. Момолойлор—крот болот, Орозбаев оозуң ачпа, Ооз деген—рот болот. Сколько? дейт—канчаны, Спина дейт—арканы. Эми балдар келгиле, Бир орусча, бир […]