Габриэль ЛАУБ: Кандай бийлик болбосун аны эл түптөйт, бирок ал бийлик элге далысын салган бойдон кайрылбайт

Баатырлар коркунучтуу мүнөттө керек, калган учурда өздөрү коркунучтуу. * * * Буйрукту баары эле бералат, баары эле аткарат. Адамга андан башка жөндөмдүн деле эмне кереги бар? * * * Компьютердин артыкчылыгы – биздин мээни пайдалана билгенинде. * * * Сөз байлыгы жок жазуучу оңой жазат. * * * Майда балдар менен интеллектуалдар бири-бирине окшош. Кантип? Экөө тең ызылдаганда – кыжыр кайнайт, унчукпаганда шектүү туюлат. * * * Полковник – бул майорго кыйкыра турган эле адам. * * * Сабыр этиңиз, […]