Беганас САРТОВ: Роботтун туулган күнү

(Фантастикалык аңгеме) Табылды толкунданып экрандан көзүн албай ол турду… Ал конструктордук бюродо иштечү. Алардын институту өзүн аң-сезимдүү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, алыскы жапайы планеталарга чалгындоо жүргүзүүчү роботторду даярдашчу. Бул жагынан институт арымдуу баскычтарга кадам шилтеген. Бирок роботтор канчалык акыл-эстин жемиштери менен сугарылса да, алыскы жапайы, же өнүккөн метагалактикаларда — программаланган инструкциялардын запасынан башка, белгисиз, көрсөтүлбөгөн кыйынчылыктарда эмне иштээрин билишпей ойлоно беришип, акыл-эстен ажырап, келесоо болуп, катардан чыгып калчу. Ошентип, алыскы сырдуу дүйнөлөр менен катнаш жасоо мүмкүнчүлүгү ар дайым чектелип турган. […]

Беганас САРТОВ: Он үчүнчү толкун

(Фантастикалык аңгеме) Марлестин атасы атактуу конструктор, легендарлуу астронавт болучу. Аны күн системасынан аркы планеталардын элдери да билише турган. Бирок анын уулу Марлес атасынын кесибин жактырбан зоолог болууну эңсөөчү. Ошол себептенби, кичине кезинде туулган күнүнө тартуу кылынган кандайдыр бир электрондук радио аппарат — барксыз оюнчуктардын эсебине кирип көмүркөйдө жатчу… Кызык… Атасы ошол аппаратты берип жатып, уулунун мурдунан чымчып эркелетип, тамашалаган: — Оо, энеси, көрдүңбү, уулуна атасы эмне белек берди?! Он үчүнчү толкунда иштөөчү радио аппарат. Кокус мен космостон кырсыкка учурап калсам, […]

Беганас Сартов: Адам жана робот

АҢГЕМЕ — АСКАРБЕК-экинчи? — деди Аскарбек кийинип жатып. Робот трюмодон жүзүн бурбай, галстугун оңдоп, жооп кайтарды: — Эмне акыл сурайсың? Минтип сүйлөө Аскарбектин шашып жаткандагы учуруна туура келе турган. Айтмакчы, бул робот — өз өңүн типтештирип түзгөн адамдын, башкача айтканда, кадимки Аскарбектин көчүрмөсү гана болуп калбастан — өзүнүн түп нускасынын, Аскарбектин бүткүл кулк-мүнөзүн да өзү менен кошо ала жүрүүчү. Ошол себептүү Кибербиосубмолекулярдык институттагылар Аскарбек менен анын телекөчүрмөсүн көп учурда айырмалай алышчу эмес. — Кеп мындай,- деди Аскарбек, иштиктүү түрдө роботко,- […]

Беганас САРТОВ: Сүйүү кумары

АҢГЕМЕ Мектептин биринде мугалимчилик кылып Жумадил аттуу физик жигит жашачу. Анын лаззаттуу, татынакай, жароокер сулуу аялы бар эле. Ал консерваторияда окучу. Бул баян — ошолор менен дагы бир эки кыз жөнүндө. Кыш. Декабрдын аягы. Жумадил үйүнө келатты. Ишке баратканда жана кайтканда ал дайыма «Ата Мекен» кинотеатрынын жанынан өтөт. Анткени, үйү анын чыгыш тарабында болчу. Ал биерден ары-бери өткөндө сөзсүз тааныштарынын бирине учурай турган. Ал жолуккан таанышы менен кол алышып учурашып, сигарет чегишип, аркы-беркини шашпай сүйлөшүп, анан коштошуп жолун улантчу. Кээде […]