Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Бешик ырын бешик гана жарата алат

Филология илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, тил теориясы, лексикология, грамматика, көркөм чыгарманын тили, стилистика, кеп маданияты жаатындагы адис, жазуучу Бейшебай Усубалиев Нарын районунун Оттук айылында туулган. Учурда Махмуд Кашгари – Барскани атындагы Чыгыш университетинин Эсенгул Ибраев атындагы журналистика жана коом менен байланыш кафедрасында профессору. 300гө чукул илимий эмгектин, “Түркүк”, “Кѳз”, “Түтүн”, “Түн” аттуу прозалык жыйнактардын автору. «Түтүн», «Түн»  аттуу жыйнактары Кыргызстан Жазуучулар союзу тарабынан жылдын мыкты китеби деп таанылган, «Кызык», «Шишек» аттуу аңгемелери «Кыргызстан маданияты» гезитинин; “Гарбочок” […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Чоң чыны суу жана бир сом

АҢГЕМЕ Бала кездеги бир окуя эле көкүрөктөн кетпей, чайнай берчү болду. Анда окуй элек чагым, бир күнү кечинде атам: — Жүргүн, балам, күттүрбөйлү,— деп калды. Кайда дегеним да жок, адатымча кудуңдап артынан жөнөдүм. Болотбектин үйүнө бат эле кирип бардык. Төркү бөлмөдө эл толтура экен. Бизди эле күтүп отурушкандай, кирерибиз менен баары ордуларынан тура калышты. Төрдөн орун алдык. Эки жакка көз жүгүртө баштадым. Көпчүлүгү жаш эле адамдар экен. Абышкалардан болгону экөө: атам жана Кудайберди деген чал. Кейпи бул адам атамдан улуу […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Жомок

АҢГЕМЕ «Көк көйнөк кийип булактап, Көчөгө чыксам кылактап. Көчөнү кең салдырган, Ысталинге ыракмат». (Эл оозунан) Атам сексен эки жашында дүйнө салып, жерге жаңы эле берип келгенбиз. Тажияга келген элдин аягы үзүлө элек болчу. Мен боз үйдүн жанында тургам. Кайдан-жайдан келгенин билбейм, бир кезде эле Калыйча апа жаныма пайда боло калды да: – Жүрүчү… – деди жеңден тарта. Мен ээрчий бастым. Элден бир аз четтегенден кийин: – А айланайын Шекебайым (атамды айтып жатканы), – деди үнү каргылдана, – Шекебайымдай эстүү жан […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Адрес

Шуулдаба, терегим, теректерим, Шуулдасаң, ыйлагым келет менин… (Салижан) АҢГЕМЕ Түн. Капкараңгы. Баары укташкан. Уктап жатышабы, же жокпу, айтор, баары төшөктө. Алым гана соксоюп жалгыз отурат. Ал далай жолу ушинтип жалгыз калган эле. Бүгүн да соксоюп жалгыз. Алдында китептер. Негедир көңүл чаппайт. Баарына. Окуюн дейт – окугусу келбейт, ойлоноюн дейт – ойлонгусу келбейт. Жатайын дейт – негедир чочулайт, коомайсызданат. Анан негедир дайыма ушул маалда соксоюп өзү жалгыз калары эсине шак дей түштү. “Кантип эле? – деди анан өз оюнан корккондой селт […]