Бекназар Арыкбаев: Жетим козу (конкруска №9)

АҢГЕМЕ «Өлбөгөн жанга жаз келет», — бул сүйлөм качан, кайсыл убакта жаралды экен? Эмнеси болсо да үмүттүн шооласын бүлбүлдөткөн бул сөздөр түрүүлүктөн кабар берип тургансыйт. Жылгадагы карлар эрип, адырдагы чөптөр булайып баш алып, табийгат жандана баштады. Айылдын ээн тарабындагы тоону карай бет алган жакадагы сарай Бердикул абышканын кыркын сарайы. Айылдагылар талма Бердикулдун сарайы дешет. Талмасы кармап элди чочуткан сыркоолуу деп ойлоп жүрбөңүз. Бердикул мырза барган үйүнө түнөп калмай адатын өмүрү өткөнчө таштабады, ошондуктан эл аны талма Бердикул атап коюшкан. Ата-бабасы […]

Бекназар Арыкбаев: Топурак (конкурска)

АҢГЕМЕ Убакыт дегениң закымдап учуп турат ээ. Эртең менен эле таңды тоскондой болду эле, эми минтип жаздыкка башын койгон Аманат бүгүнкү күндүн жыйынтыгын чыгарды. Жарытылуу деле иш бүтүрбөптүр. Күндүн өткөнүнө эмнесине кейийт, жылдар деле чууруп өтүп жатпайбы. Жаздык. Жаздык кандай жумшак. А бирок жаздыкка башты койор замат уктап кетсең кана. Бүтпөгөн ойлор, бүтпөгөн санаалар… Аманатты бүдөмүк келечеги бушайман кылып, ойлор тынч койбостон уйкуга кетирбей ооналактатып жатты. Мамлекеттик университетте декан болуп иштегенине жылдар айланып кетиптир. Кызыл дипломду бооруна кысып алып университетке […]