Бекташ ШАМШИЕВ: Драма өнөрү – Шекспир доору

Англис адабиятынын тарыхынан Шаардык маданият театрлаштырылган оюн-зооктордун арбышына өбөлгө түзгөнү менен, көпчүлүк эл катышкан салтанат-шаңдар оболу айыл жеринен тамырлап, көгөрүп-көктөп чыккан. Элет жеринде өзгөчө Робин Гуд жөнүндө элдик оюндар, театрлаштырылган оюн-зооктор көп уюштурулган. Кийинчерээк шаарлардын маанилүү мааракелерине арналган көп эл катышкан театрлаштырылган салтанат-шаңдар күчөгөн. Диний багыттагы мистериялардын ордун кийинчерээк, атап айтканда, XIV – XV кылымдарда моралителер, кылдат сезим-туюм, ышкы, түпөйүл ойлорду туюнткан оюн-зоок формалары жайыла баштаган. XVI кылымдын орто ченинен тарта театр менен драмачылыктын өнүгүү доору башталат. Көчө кыдырып оюн […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Демилге көп, демөөрчү жок cаргайдык

Салижан Жигитов адабияттын кайсы салаасына кайрылбасын, андан өрнөктүү дегидей иштерди жасап, сөз менен ойду туюнтуунун үлгү болорлук мисалдарын артына калтырып кетти. Анын поэзиядагы, прозадагы, котормодогу, адабият таануу теориясы, сын жаатындагы эмгектери ушул азыр да кызыгуу менен окулат. Убада берилгенди узак күтөбү? Өкүндүргөнү, улуу ойчулдун көзү өткөндөн кийин чыгарылчу эмгектери кендирди кескен каражат жогунан чыкпай турат. Кылымда бир жаралчу улуу таланттын жазгандарынын жаңы муунга жетиши кыйын ишке айланууда. 2006-жылдын 11-февралы ушул азыр да көз алдымда. Салижан акенин үйүнүн жанында тигилген боз […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Жаңылануу зарылдыгы

Англис адабиятынын кыскача тарыхынан Андай аракеттин айкын-ачык белгисин ойчул сүрөткер Т. Мордун чыгармачылыгынан байкай алабыз. XVI кылымдагы англис адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Томас Мордун (1478 – 1535) чыгармачылыгын көркөм сөз менен философиянын эриш-аркак байланыш-катышы катары сыпаттаса жарашат. Диний чөйрөдө тарбияланып, Оксфорд университетинен, ага улай укук мектептеринен билим алган Т. Мор азга каниет кылган, өзү үчүн артыкбаш эч нерсени талап кылбаган ынсаптуу адам болгон. Парламент депутатына шайлангандан кийин ал королдун үй-бүлөсүн багууга өзүнчө каражат бөлүүгө каршы чыгып, бийлик башындагылардын нааразылыгын жараткан. Парламенттен […]

Бекташ ШАМШИЕВ: «Генийдин  кейпин эңсеп,  ойчулдун даңкын самап»

Алым Токтомушевдин чыгармачылыгы тууралуу кеп кылуу оголе оор жумуш экенин ушу азыр жонтерим менен сезип отурам. Сөз өнөрү жагынан короолош адабият менен журналистиканын биртоп жанрларына кайрылып, баарында тең үлгү болорлук из калтырып кеткен улуу таланттын ырын айтсаң сыны калчудай, ал экөөнө байырласаң котормочулугу эстен чыкчудай. Алым Токтомушевдин публицистика жаатындагы аракетин, айрыкча “Асаба” гезитинин көркүн ачкан “Жолбүгүнүчү”? Эркин басылмаларда жарыяланган Салижан Жигитов, Мурза Гапаров менен маектеричи? Антсе да бир жагдайды баса белгилей кетиш керек. Алыкең бу жарыкчылыкка акын катары келген жан. […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Профессионал адабияттын жаралышы II

Англис адабиятынын кыскача тарыхы I XIV кылымдагы англис адабиятындагы көрүнүктүү орун Жеффри Чосерге (1340-1400) таандык. Атасы аксарай шарапчысы, өзү король Эдуард III сүйгүнчүк уулунун жанжолдошу, жүз жылдык согуштун катышуучусу, француздарга туткунга түшүп калгандан кийин акча берип аны бошотуп алгыча ал жердеги айрым акындар менен таанышып, куртуаз романдарын окуп чыккан сүрөткер. Биртоп жылдар чынжырлуу төрөлөр менен аксөөктөргө жакчу чыгармаларын а кездеги Британ аралдарындагы өтүмдүү делген француз тилинде жарыялап, кийинчерээк англис тилине өткөн акын. Чосердин англис тилиндеги чыгармалары Лондон диалектисинде жазылган, ошонусу […]

Бекташ Шамшиев: Англис адабиятынын кыскача тарыхы

Биз өз казаныбызда гана кайнаган улут болуп калдык. Ашкере. Ашкере улутчул, ашкере билермандар арбыдык. Жер планетасында кыргыздан улуу, кыргыздан кыйын улут жоктон бетер кыргыз тарыхын жазгандар арбып-дарбып аткан кезең. Адабиятчыларыбыз да тарыхка чала-чарпыт сүңгүп кетишти. Жазуучулар тарыхый темадагы китептерди атаандашып жазып аткандагыбыз… Улуу устатыбыз Салижан Жигитовдун «кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде» деген таамай сөзү канчалык таасирдүү болгону менен, таасирдин тамыры кыргыз интеллигенциясын ойлондурган жок. Кайрале өткөнгө кылчактап, ордунда токтоп туру. Көздүн желкеге бүткөндөгүсү ушул окшобойбу… Албетте, тарыхтын сабагын алууга тийишпиз. Ошол […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Мукай Элебаевдин адабий мурасы

Мукай Элебаевдин онго чукул аңгемелеринин арасынан “Бороондуу күнү” — өзгөчө чыгарма. Анда кычыраган кыштын суук кечтеринин биринде жолдо кыйналган жаш баланын бейтааныш жерде түнөп кеткени баяндалат. Ээн кашаттагы жалгыз боз үйдөгүлөр жатар конокко көңүл деле бурушпайт, жалгыз 70тен ашкан кемпир гана чоочун балага жан тартып, бороон басаңдаганда жолун улантарын айтат. Кыска аңгемеге таланттуу жазуучу тарых бороонунда буюккан калктын жашоо-турмушун сыйдыра алган. Билимге зарыгуу Мукай Элебаев — оболу акын, кийин кара сөзчү, кыркынчы жылдары драматург катары да калемин сынап көргөн көп […]

Амантур ЖАПАРОВ: Тарых кооздоп жазуудан өзгөрүп кетпейт

Улут тарыхына кызыгуунун себеп-жөнү, илимпоздук жана ышкыбоздук изилдөөчүлүктүн түпкү айырмасы тууралуу белгилүү тарыхчы, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Амантур Жапаров ой жүгүртөт. Кийинки жылдары көп томдуу тарыхый эмгектерди жаратуу аракети күч алды. Ошол эле учурда тарыхка кызыккандардын, ышкыбоз жана дилетант авторлордун тарых жазууга кайрылган учурлары да көп. Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан Кыргызстандын тарыхынын үч томдугу (анын үчүнчү тому жарык көрдү) жарыялана баштады. Ага удаа кыргыз тарыхынын жети томдугу даярдалууда. Москвадан кыргыз тарыхына жана этнографиясына арналган […]

Бекташ ШАМШИЕВ: АША «эски оюнчуларды» өзү менен кошо «ала кетери» өтөле опуртал оюн

Белгилүү адабиятчы жана публицист Бекташ Шамшиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маегибизди сунуштайбыз… Саясат – Сиз менен көрүшө элегиме көп болуп кетти. Өзүңүздү сагындым, сөзүңүздү сагындым, Бекташ байке. Убактыңыз тар экенин билем, бирок ошентсе да адабият жаатында, бүгүнкү саясый кырдаал боюнча кеп куруп бере аласызбы? Арийне, «Азаттыкта» иштегендер бардык окуялардын чордонунда жүрбөйсүздөрбү… Сиздин оюңузча, сөздүн ток этер жери кайсында? Кепти ошондон баштап берсеңиз… — Сөздүн ток этер жери барып-келип эле саясатка такалып атканын сурай албай турусуң го, Олжобай. Чейрек кылымдан […]