Жээнбековдун тарыхый мүмкүнчүлүгү

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун тарыхый мүмкүнчүлүгүн коомчулук жапатырмак колдоп кетер кырдаал өзүнөн өзү келди. Буга дейре Атамбаевге илээшкер болуп келген бийликтеги абийир ноктосу үзүлгөн бир ууч топту Жээнбеков өзүнөн обочо кармамайын – Кыргызстан жакынкы жылдарда өнүгүү жолуна түшө албастыгы бештен белгилүү. Бир ууч топтун өз билемдик саясаты менен өлкө тагдырын калчагысы келген Атамбаевдин кеңешине Кыргызстан мукурап муктаж болуп турган жок азыр. Кыргызстандагы эң башкы муктаждык – адилетсиз сот бийлигин түп тамырынан өйдө реформалоо жана коррупцияны тизелетүү. Өлкөнүн жаңы президенти бул […]

Акылмандан калган кеп: Калила жана Димна

<<<<<<<<<<<<<<«Калила жана Димнанын» дүйнөлүк адабияттагы орду Адам дүйнөнү өзгөртүүдөн мурда өзүн өзгөртүүгө тийиш. (Уиллиям Жеймс) Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктыруу кыйын. (Сократ) Чыгарманы түрк тилинен которгон Азат ЖАПАРБЕК БИРИНЧИ БӨЛҮМ Өкүмдар Дабшалим кечилдердин көсөмү, акылман Байдабага кайрылды: — Ынтымак менен достукта жашагандардын ортосуна жалганчы жана эки жүздүүлөрдүн аралашуусу менен бири-бирине жүз карашпай, душман болгон эки киши тууралуу баян айткын… Байдаба : — Эки жолдош, эки достун душманга айлануу баяны мына мындай: АРСТАН ЖАНА ӨГҮЗ Илгери өткөн заманда Даставан деген […]

Мурдунан алысты көрбөгөн падыша жөнүндө притча

«Философтор башкармайын мамлекет башынан балээ кетпейт». (Платон) Өз өлкөсүндө тең салмактуулукту орното албаган падыша болуптур. Ачарчылыктан кары-картаңдар менен балдардын кырылганы токтобойт. Карыларды тоюндурса – балдар, балдарды тоюндурса – карылар кырыла берет. Карылар бир кезде бийлик тагына келүүгө өбөк-жөлөк болгон үчүн алардын алдында падыша өзүн карыздармын деп эсептечү экен. Өлкөнүн жерпайын чогуу түптөшкөндөр ошол кары-картаңдар болгон дешет. Ал эми бешиктен бели чыгалек балдарчы, арийне, алар өлкөнүн келечеги го. Балдардын шыбагасын кары-картаңдарга, карылардыкын балдарга ооштурайын дейт, бирок же тигиниси, же мунусу өз […]

Олжобай ШАКИР: Тоталитардык бийликтин айдоосуна көнүп, идеологиясына ууккан талапкер

Икаянын ток этер жеринен баштайлы кепти. Ал мамындай эмеспи: жан-жаныбарлар алтынга ширетилген такка баканы отургузушат. Падыша болуп бер дешет. Падыша болуу баканын оюнда жок иш эле да. Кең сазда чардап, балчыкта заңдап жашаган баканын башына падыша болуш кайдан келмек! Арийне, башына алтын таажы, астына алтынга ширетилген такты камдап коюшкан экен. Мурда эле. Өктөм бирөөсү чыгат: – Ушул такка отурасың да, баарын башкарасың! Өмүрүндө башчылык кылып көрбөгөн баканын көзү тостоёт. Болбой отургузушат. А бакага не: көнгөн адаты менен улам балчыкка секиргенин […]

Бийликтин ич өткөгү

Даанышман кеби бар «каардуу чечим ишке ашпайт, ал дайыма дөшүгө «каңк» этип тийип, кайра тарткан балкадай». Балка да, дөшү да бирине-бири катуу тиери турган иш. Арийне, балканы кимиси биринчи «каңк» эткизди, баарыбыз көрдүк. Эл жерге түкүрүндү ошондо эле. «Эң коркунучтуу душмандар эски достордон чыгат» болуп, эски достордун кырчылдашынын аягы дагы эмне менен бүтөт, болжоп болбойт. Ыштанына чычкан киши колун аябабагдай эле; бийлик эми колун аяна турган эмес. Жүзүн да аянбайт өңдүү. Булганган колу менен өз жүзүн да шыбап алды. Жууса […]

Камчы колдо, калпыс жолдо…

Бийлик кумарына мас болгондор соолукпайт Башмыйзамды ажоң сыйлабай туру, башка кимиң сыйлайсың? Сыйлабаганы шу: жакында «Өнүгүү» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевдин сөзүнө Атамбаев өзү шилтеме кылды. «Балык парламент ушундан гөрө тарап кетпейсиңерби» деп адаттагысындай ачуусун бүрктү. Ачуусу мурдунун учуна жетиптир, тилинин учунан чыкты. Муну менен парламентке ачыктан ачык басым-кысым көрсөтүп, Башмыйзамда кашкайып көрсөтүлгөн: мамлекет парламенттик башкаруу жолуна өткөнү эсинен тарс чыгып, мурдагы устаты К.Бакиевдин жолоюна түшкөнүнөн кабар берди. Тизгин колдон чыгаарда да бийлик президенттин курчоосундагылардын үстөмөндүгү менен жүргүзүлөрүн туюнтту. А депутаттардын […]