Олжобай ШАКИР: «Кырк чороңор» коргоосу жокторго корсоңдобосун эй!

Кара күчкө таянган доор артта калып кетти. Өрнөктү карай өрлөгөн адам баласы феодалдык-патриархалдык түшүнүктөн эбак бошонгон. Ал эми өздөрүн «Кырк чоронун» өкүлү санаган сомодой «жигиттерибиз» бүгүн урунарга тоо, урушарга жоо таппай турганы – барып турган караңгылык! Ооба, караңгылык! Биз муну коркпой-үркпөй так ушундай аташыбыз керек! Эгер расмий бийлик мындан ары булардын тизгинин тарта албаса, кыргыз деген улутту дүйнө коомчулугуна шерменде кылар көрүнүштүн бири – «кырк чорочулардын» чектен ашкан кылыктары болуп калышы толук ыктымал. Демократия багытында өнүгүү жолун тандаган Кыргызстан феодалдык-патриархалдык […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (5-макала)

Биз эч качан Токтогулду адепсиз, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн, салт билбеген, нарк билбеген акын деп айтпас элек. Бирок адабиятчыларыбыздын ушуга чейин улуттук нарк-насил факторун эске албай, 13 жашар Токтогулдун (мейли 19 жашта деп эле коелу) өзүнөн 40 жаш уулу адамга “мадырайган соргогум” дегенинен элдүүлүктү издегени, элдик акын катары түшүндүргөнү ошол адабиятчылардын элдик каада-наркты сыйлабаганы, таптык күрөштү салттан өйдө койгону катары да кабыл алса болот. Андыктан, Арзымат менен Токтогулдун айтышына астейдил мамиле жасап, агын ак, карасын кара кылып, ага эч кандай саясый […]