Касымаалы ЖАНТӨШЕВ: Эки жаш

ПОВЕСТЬ Жол үстү Элдин бетин көптөн бери көрбөгөнүмбү же мендеги айрым кубанычтардын күчтүүлүгүнөнбү, улам ойгонуп, кайра уктоо менен таңды араң атырдым. Мен турган убакта элдин бардыгы уйкунун тынчтык кучагында эле. Жалгыз гана Канабат станциясынын эмгектүү кыймылы, паровоздун кыйкырган үнү, жаңы төгүлгөн эгиндерди салган вагондорду маневр кылуу менен элди ойготуп, эмгекке чакыргандай, анда-санда чыккан кондукторлордун ышкырыгына баш ийип макул дегендей, «пуп-пу-уп» деп, паровоздор каршы-терши жүгүрүшөт. Элдин бардыгы туруп, күндөгүдөй кесиптерине киришти. Самовардагы чайы кайнап, кызыл чайканалар да ачылды. – Самоварчы аке! […]