Бирма эл жомогу: Төрт дүлөй

Бир күнү монастырдын башчысы бир кечилге айтты: – Кампага чычкан толуп кетиптир. Айылга барып бир мышык алып келчи. Ал кечилдин кулагы жакшы укпайт экен. Айылга келип кичинекей сиңдисин  ойнотуп отурган кызды көрүп, ага айтат: – Башчыбыз мени  монастырга балапан алып кел деп жиберди. Кыздын да кулагы укпайт экен, тигинин айтканына кыйкырып жиберди: – Баланы ким сураса да бербеймин! – деп аябай жини келип, колун булгалап жиберди. Кечил да каарданып кыйкырды: – Сен кудайга кызмат кылган кишиге эмнеге ачууңду келтирип күнөөгө […]