Хуан Рамон Хименес: Жаңы барак

*     *     * Ошол кечте ага айттым, Кетээримди таң менен. Жылмайды да, суз карады, Ойго түшүп дүрбөлөң. — Эмне үчүн? – деп сурады, Өрөөн турду тунжурап. Өлүм келип көз алдыма Бараткансыйм мен кулап. — Эмне үчүн кетесиң сен? — Бул суроо булкат жүрөк, Тургансыйм жар кырында, Үн, сөзсүз, жансыз, жүдөп. — Кай жакка кетмекчисиң? — Кайдадыр жан тынчы жок, Бийик асман биздикинен Жылдызы да көрүнбөс шок. Кареги анын жашка толуп, Карады кунарсыз талаага. Жүзүнөн наз күлкү өчүп, Чөктү терең бир […]