«Буулуккан булуттар» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар  Атахан Кожогулов жана Жыпаргүл Арыкованын чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 26-январда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт.  Иш-чара саат 17.00дө  башталат. Кожогулов Атахан Бейшеналиевич 1970-жылы Кочкор районунун Чолпон айылында туулган.  Кесиби – журналист. Көп жылдардан бери Коомдук теле-радиокорпорациясынын “Замана” студиясында эмгектенип келе жатат. Ырлары […]

Жаңы дүбүрт, жаңы таланттар жана жаңы клип! (видео)

Муз.: Рысбай Абдыкадыров, Сөз.: Омор Султанов, Аткаруучулар: Эльзада Нарынбаева менен Роман Чыныбаев