Биздин айтар сөзүбүз бар: Эже-сиңди деланилердин биринчи жүз жылы

Сара Делани, А. Елизабет Делани,  Эми Хиль Харт   <<<<<<<<<Башы 1-2-бөлүк (31.07.2017) <<<<<<<<<<<<<3-4-бөлүк (31.07.2017) 5 Сэдди жана Бесси Атакебиздин кишилери 1858-жылы 5-февралда биздин атакебиз Генри Биерд Делани Жоржия штатынын Флориданын чек арасына чукул жээктеги Cант Марис (St. Marys) шаарында жашаган Мокстардын үй-бүлөсүнө караштуу плантацияда иштеген кулдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1865-жылкы капитуляция маалында ал эне сүтү оозунан али кете элек жети жаштагы бала болот. Атакебиз Жарандык согуштун бүткөнү тууралуу кеп кылганда дайыма “The Surrender” (Капитуляция) деген сөздү колдончу. Ал 9-апрель күнү генерал Роберт […]