Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ: Бийлик мыйзамсыз өкүмдөрдү чыгарган сайын эл арасында нааразычылыктар күч

“Акыйкат” партиясынын лидери, Кыргыз-Орус славян университетинин профессору, белгилүү саясатчы Аликбек Жекшенкулов менен учурдагы саясый кырдаал туурасында учкай маек… – Өткөөл мезгилдеги президентибиз Роза Отунбаева стратегиялык жактан Сооронбай Жээнбековдун тандалышы мен үчүн туура жол болду деп билдирди. Жаңы бийлик саясый камоолорду оң жагына чечип, сот адилеттигин орнотот деп үмүттөнсөк болобу? – Роза Исаковна Отунбаева абдан тажрыйбалуу, билимдүү, прогматик саясатчы. Сооронбай Жээнбеков менен КСДПда партиялаш болуп, көп жыл чогуу иштешкен. Ошон үчүн ал кишинин стратегиялык багыттагы көзкараштарын тереңирээк түшүнөт болуш керек. Кыргыз […]