Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (5-макала)

Биз эч качан Токтогулду адепсиз, ата-эненин тарбиясын көрбөгөн, салт билбеген, нарк билбеген акын деп айтпас элек. Бирок адабиятчыларыбыздын ушуга чейин улуттук нарк-насил факторун эске албай, 13 жашар Токтогулдун (мейли 19 жашта деп эле коелу) өзүнөн 40 жаш уулу адамга “мадырайган соргогум” дегенинен элдүүлүктү издегени, элдик акын катары түшүндүргөнү ошол адабиятчылардын элдик каада-наркты сыйлабаганы, таптык күрөштү салттан өйдө койгону катары да кабыл алса болот. Андыктан, Арзымат менен Токтогулдун айтышына астейдил мамиле жасап, агын ак, карасын кара кылып, ага эч кандай саясый […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (4-макала)

Эгер Арзымат менен Токтогулдун ортосунда адамдык жана акындык мамилеге келсек, буга чейин адабиятчылар түшүндүрүп келгендей, эч кандай деле бет карашпас айтыш болбосо керек. Арзыматтын Жоомарт Бөкөнбаев алдынан өтүп, кечирим сурап, ат мингизген небереси Тургуналы Жолоев жазма акындык өнөрүнөн тышкары, элдик оозеки чыгармачылыгын, анын ичинде Токтогул жана аны менен замандаш акындардын ырларын жыйноо ишине активдүү катышкан адам. Бүгүнкү күндө КР УИАнын Колжазмалар фондусунда анын жыйнаган ырлары сакталуу турат. Арзымат менен Токтогулдун ортосунда бет карашкыс мамиле болсо, чоң атасын «мадырайган соргокко», «жугундукор […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (3-макала)

Токтогулдун өмүр таржымалы жана анын ырларынын өзүнүкү же өзүнүкү эмеспи деген суроо башка да көп окумуштууларды күмөнсүнткөнү, күдүк ойлорго салганы белгилүү. Адабиятчы А.Муратовдун айтымында, абройлуу адабиятчы, таасын сынчыларыбыздын бири Кадыркыл Даутов да: «Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши» (А.Муратов «Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө») деген пикирин билдириптир. Адабиятчынын бул айткандары адабият тарыхы эл тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү экенин, аны бурмалоодон […]