Кожогелди Култегиндин котормосундагы казак акыны Темирхан Медетбек

КӨКТӨМДӨГҮ СҮРӨТ Түнү менен жааган жамгырдан Дүйнө салбырап, Басылып калыптыр. Жердеги чалчыктар – Жыртып-жыртып таштаган Фотосүрөттөр сыяктуу Ар жерлерде Чачылып калыптыр. Үзүм-үзүм Чалчыктын бирөөсүндө Көмкөрүлгөн асман Сынып жатат. Бирөөсүндө Сөөмөйдөй болгон Чыбык жатат. Бирөөсүнөн Бутакта бүрүшүп олтурган Таранчы көрүнүп, Бирөөсүнөн Токтоп турган машинанын Капталы жаркыроодо. Бирөөсүнөн Кермедеги алынбай калган Алда-кимдин Көйнөгү самтыроодо. …Булут түрүлүп, Асмандын бир чети ачылып жатат… Үзүм-үзүм чалчыктар Жыртылган фотосүрөттөр өңдүү Кара жердин бетинде Чачылып жатат. (Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)   ЧАБЫТТАГЫ АКЫН Мына бул акындын Шамал күнкү […]

Казак акыны Ауыт МҮКИБЕК: Текебаев – мандатсыз президент

Кыргыз-казак ортосунда эзелтен эле «бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун сөөгү зыркырайт» орток сезими болуп келген эмеспи. Кандай болбосун кыргыз менен казактын ортосунда боор деген боор экен: Интернет аркылуу Текебаевдин адилетсиз жерден айыпталып келатканын окуган казак акыны Ауыт Мүкибек «Текебаев– мандатсыз президент» аттуу поэмасын жаратып, анысы бүгүнкү күндө Интернет айдыңында абыдан жайылып кеткен чыгарма болду. Биз аны кыргызчага оодарып жарыялоону эп көрдүк. Ауыт Мүкибек өзү Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин саясый курсун колдоп келаткан интеллигенция өкүлдөрүнүн бири. Казакстан Жазуучулар уюмунун Астана […]