Николай Гарин-Михайловский: Гений

АҢГЕМЕ I Шаарда жашаган, узун чачы арстандын жалындай түрмөктөшүп самсаалап, сакалы карылыктан пилдин сөөгүндөй саргайып кеткен, өлчөмсүз чоң, дардайган еврейди элдин баары билчү. Узун кемселчен, жамаачыланган туфли кийген бул адамды, башкалардан еврейлердикиндей ылдый карабай, чанагынан чыгып, кайдадыр өйдө жакты караган көздөрү айырмалап турчу. Жыл артынан жылдар жылды; муундар алмашты; таш жолдордо эл ташыган арабалар калдырап, көчөлөрдө эч качан бүтпөгөн иштерине дайыма шашып жүргөн адамдардын аягы үзүлбөй, тынымы жок балдардын күлкүлөрү тыйылбай ары-бери чуркап жүрүштү, — бир гана бардыгына кайдыгер картаң […]