Оскар Уайльд: Булбул менен роза (конкурска №57)

ЖОМОК – Эгер мен ага кызыл розаны апкелсем, ал мени менен бийлегенге макул болмок, — деп ыйлады жаш студент. – Бирок менин бакчамда кызыл роза дегеле жок да… Талдагы уяда бир булбул отурган, ал аны угуп калып, жалбырактардын арасынан тиктеп аң-таң болду. – Менин бакчамда бир да кызыл роза жок! – деп боздоду жигит, ошондо анын татынакай көздөрү мончоктоп жашка толду. – Бах, чиркин! Бакыт деген эмнеден гана куралбайт! Мен акылмандар жазганды бүт окуп чыктым, атүгүл, философиянын сырларын да изилдедим, […]