Бурулкан БАКЕЕВА: Героин кайда катылган?

(ДЕТЕКТИВ АҢГЕМЕ) Экөө тажик-кыргыз чек ара көзөмөлүндө жыйырма төрт жылдан кийин кездешти. Төбө чачы такырая түшүп, курсагы салаңдаган Камилди Самат эки кашынын ортосундагы калынан улам тааныды. Экөө интернатта он жыл бирге окушкан классташтар болчу. Саматты эпчилдигинен улам “каныңды жегир” деген лакап аты менен айтышчу. Экөө үшүшкөндө жылуу бололу дешип бир керебетте чогуу укташкан ынтымак балдар эле. Интернатты бүтүп ар кимиси өз жолу менен кетип, кабарсыз калышкан. Самат ички толкундануусун араң басып, кара көз айнеги баарын жашырып турду. Наркотикти каерге катып […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Афган чалдын героини

АҢГЕМЕ Зеровшо чал очорулган белин ушалай берип төшөгүнөн туруп чөп алачыгынан эшикке чыкты. Таң атып калганы менен бийик, кызгылт чаптуу тоолордун чокусуна күн тие элек мезгил. Эртең мененки сыдырым желаргы, түркүн чөптүн жыты, ар түрдүү паренделердин сайрашы, алачыктын жанынан агып жаткан булак шылдыры, тунук көк асман афган чалдын көңүлүн кушубак кыла, эшик алдынан тээ тоо түбүнө чейин созулган апийим айдалган талааны карап тура берди. Апийимдин тамыры терең кетип, өңү бозомук тарта, жашылтым жалбырагы калың өсүп, бир түбүндө жыйырмага чейин богок […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Акын

АҢГЕМЕ Белгилүү бир акын базарды аралап келе жаткан. Үйүнө картошка, пияз алмакчы эле. Аялы эртең менен какшаган: “Ыр жазгандан башка дагы тамак деген болот” деп какшыктаган. Аялы бошобой калып, суранганда гана базарга басып келбесе, деги эле келбейт. Күнүмдүк көр тиричиликтин бүт түйшүгү аялынын мойнунда. Пиязын алды, анан картошка саткан катарды аралап келатып селдейип туруп калды. Маңдайындагы картошка сатып отурган аял да муну тааныды. Ортодогу көрүшпөгөн жыйырма беш жылдык мезгилде экөө тең өзгөрүшкөн. Бирок бири-бирин таанышты. Аял биринчи сүйлөдү, кечээ эле […]

Бурулкан БАКЕЕВА: Отко жагылган Александр Дюма, кезекте ким?

АҢГЕМЕ Быйылкы кыш жанга тийди. Оор жана узак болуп, суугу сөөктөн өтпөдүбү. Кошунабыз сексен сегиздин ашын ичсе дагы ушул убакка чейин мындай кышты көрбөгөнүн короого чыкканымда кобурап калат. Үйүбүз муздак, үшүкчөөл жаным ого бетер титиреп, төшөккө оронуп бөйтөйүп уктап калган неберемди боорума басып, келинимдин шарактатып печкенин күлүн чыгарып атканын карап отурамын. Унчукпайт, кабагы түйүлгөн. Мага эч нерсе дебегени менен калдыратып кармаганы, кертилген отунду тарак эттире дабыратып таштаганы, сөздөн көп нерсени айтып атпайбы. Асте бол, бала ойгонот дей албадым, келиним бир […]