Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Үч Бермет

ЭССЕ Биринчи Бермет – өзүмдүн эжем. Экөөбүз бир үйдө чоңойдук. Эжем бой жетип татынакай кыз болду. Балдардын баары ашык. Айылдагы абройлуу дүкөнчү Шаймердендин Нарынкул деген баласы менен сүйлөшүп калды. Эжемди чакыртыш үчүн жазган каттарын ташытмакка мени “паралап” шоколад алып келет. “Эжеңе башка балдар келсе, таш менен согуп кубала”, — деп дайыма мени шыкактап турчу. Күндөрдүн биринде, кечке жуук Ысмайыл деген кишинин баласы келип, эжем экөө дубалдын түбүндө сүйлөшүп отурушуптур. Колума чоң ташты алып, акырын дубалдын кырына чыктым да, башын туштап […]